Сыйлык кут болсун

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата жана КР жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө жана этностор аралык мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн Токмок шаардык кеңешинин төрагасы Т. Солтобаев КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин ведомстволук Ардак грамотасы менен сыйланды.