2019-жылдын 4-апрели       № 200/28-4 Ж- 1 зонасынан Ц-2 зонасына жер тилкесин которуу жана Токмок ш. Курулуш жана Жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын 4-апрели       № 200/28-4

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
КЕЗЕКСИЗ  XXVIII СЕССИЯСЫ

Ж- 1 зонасынан Ц-2 зонасына жер тилкесин которуу жана Токмок ш. Курулуш жана Жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Токмок шаарынын биринчи вице-мэри К.К.Чотбаевдин “К.Р.Кадыровдун менчигиндеги Пушкин көчөсүнүн № 151 дарегинде жайгашкан  аянты 480 ч.м   жер тилкесинин зоналык категориясын которуу жөнүндөгү” катын, “Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу” боюнча комиссиянын 2018-жылдын 19-декабрындагы протоколун карап жана талкуулап чыгып,  ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу  жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
— Токмок шаарындагы  дареги  Пушкин көчөсү  № 151 үйүнүн  №1, №2 батиринде  жайгашкан аянты  480  ч.м., жеке менчик  менчик жер тилкеси  Ж-1 зонасынан (жеке турак-жай курулушунун шаардын борбордук бөлүгүндөгү зонасы ) Ц-2 (жергиликтүү маанидеги тейлөө жана коммерциалык активдүүлүктүн борборунун) зонасына  которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага                                      Т.А.Солтобаев

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

от  4-апреля  2019 г.     № 200/28-4

XXVIII ВНЕОЧЕРЕДНАЯ СЕССИЯ ТОКМОКСКОГО
ГОРОДСКОГО КЕНЕША IV СОЗЫВА

О переводе земельного участка из зоны Ж-1Б в зону Ц-2   и о внесении изменений в ст. 25  «Правила застройки и землепользования города Токмок»

Рассмотрев и обсудив письмо первого вице-мэра г.Токмок К.К.Чотбаева  «О переводе зональной категории земельного участка принадлежащего на правах частной собственности  Кадырова, расположенный по адресу Пушкина 151, площадью 480 кв.м.», и протокол комиссии по застройке и землепользованию г. Токмок от 19 декабря 2018 года №11, а также  согласно протокола постоянной депутатской комиссии Токмокского городского кенеша  по развитию предпринимательства, малому и среднему бизнесу по контролю за муниципальной собственностью и руководствуясь Законами  Кыргызской Республики «О местном самоуправлении», «О статусе депутатов местных кенешей»,   Токмокский городской кенеш

ПОСТАНОВЛЯЕТ:

1. В статью 25 «Правила застройки и землепользования г.Токмок» внести следующее изменение:
— перевести земельный участок площадью 480 кв.м., расположенный по адресу г. Токмок ул. Пушкина  дом №151 кв 1 и  дом №151 кв 2 из зоны Ж-1Б (зона индивидуальной усадебной жилой застр  ойки в центральной части города) на зону Ц-2 (зона центра обслуживания и коммерческой активности местного значения ).
2. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на постоянную депутатскую комиссию Токмокского городского кенеша по развитию предпринимательства, малому и среднему бизнесу, по контролю за муниципальной собственностью.

Председатель                                     Т.А.Солтобаев