ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2018-жылдын 24-декабры  № 190/26-4    Токмок шаарындагы  “Кызыл Ай” улуттук коомунун филиалына мурдагы неврологиялык бөлүмдүн  имаратын 5 жылдык мөөнөткө берүүгө макулдук берүү жөнүндө 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2018-жылдын 29-декабры  № 190/26-4

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН

КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫ

Токмок шаарындагы  “Кызыл Ай” улуттук коомунун филиалына мурдагы неврологиялык бөлүмдүн  имаратын 5 жылдык мөөнөткө берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Токмок шаардык мэриясынын Токмок шаары Дунларова  көчөсү 234,  Токмок шаарындагы “Кызыл Ай” улуттук коомунун филиалына мурдагы неврологиялык бөлүмдүн  имаратын 10 жылдык мөөнөткө ижара акчасынан бошотуу жөнүндө кайрылуусусун карап чыгып, ошондой эле орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү,  коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын  протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүүкеңештердиндепутаттарынын статусу жөнүндө”, “Муниципалдык менчик мүлк жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токмок шаарынын Дунларов көчөсүнүн 234 жайгашган мурдагы неврологиялык бөлүмдүн  имараты ижара акысынан бошотулуп, 5 жылдык мөөнөткө Токмок шаарындагы “Кызыл Ай” улуттук  коомунун  филиалына берүүгө макулдук берилсин.
  2. Токмок шаарындагы “Кызыл Ай” улуттук коомунун филиалы, имаратты капиталдык ремонттон өткөрүп, берилген мөөнөттө жакшы абалда сактасын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага                                  Т.А.Солтобаев

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

от 29-декабря  2018 года   № 190/26-4

XXVI ОЧЕРЕДНАЯ СЕССИЯ ТОКМОКСКОГО

ГОРОДСКОГО КЕНЕША IV СОЗЫВА

О даче согласия на предоставление здания бывшего неврологического отделения Токмокскому филиалу национального общества Красного Полумесяца сроком на 5 лет

Рассмотрев обращения мэрии г.Токмок о просьбе дачи согласия на предоставления  здания бывшего неврологического отделения, расположенного по адресу г.Токмок ул. Дунларова 234, Токмокскому филиалу национального общества Красного Полумесяца сроком на 10 лет с освобождением от арендной платы, а также согласно протокола постоянной комиссии по развитию предпринимательства, малому и среднему бизнесу, по контролю за муниципальной собственностью, руководствуясь законами Кыргызской Республики «О местном самоуправлении», «О статусе депутатов местных кенешей» «О муниципальной собственности на имущества» Токмокский городской кенеш,

ПОСТАНОВЛЯЕТ:

  1. Дать согласие на предоставление здания бывшего неврологического отделения, расположенного по адресу г.Токмок ул. Дунларова 234, Токмокскому филиалу национального общества Красного Полумесяца сроком на 5 лет с освобождением от арендной платы.
  2. Токмокскому филиалу национального общества Красного Полумесяца провести капитальный ремонт здания и содержать в надлежащем виде  в течение предоставленного срока.
  3. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на постоянную депутатскую комиссию Токмокского городского кенеша по развитию предпринимательства, малому и среднему бизнесу, по контролю за муниципальной собственностью.

Председатель                                   Т.А.Солтобаев

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *