Тиркеме 1 Токмок шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-январындагы № 194/27-4 токтомуна

Тиркеме 1
Токмок шаардык кеңешинин
2019-жылдын 25-январындагы
№ 194/27-4 токтомуна

Токмок шаарынын 2018- жылдагы
социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана
2019-жылга карата милдеттери жөнүндө маалымат

Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу Токмок шаарынын 2018-2022-жылдарга орто мөөнөттүү Өнүгүү программасын жана Токмок шаарынын 2018-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ №2 “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдар мезгилинде Регионалдык саясат концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында шаардын бүтүндөй коомчулугунун тикелей катышуусу аркылуу 2018-жылдын отчеттук мезгилинде Токмок шаарынын 2018-жылы социалдык-экономикалык өнүгүү планында белгиленген максаттарга жетишүү жана милдеттерди аткаруу үчүн белгилүү иштерди аткарган.

ӨНӨР ЖАЙЫ

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү шаар боюнча 5395,0 млн. сомду түзүп, 2017-жылга караганда (5999,0 млн.сом) көрсөткүч 604,0 млн. сомго азыраак болуп, номиналдуу өсүү ыргагы 89,9 % түзгөн.
Отчеттук мезгилинин жыйынтыгы боюнча физикалык көлөмдүн индекси 90,1 пунктту түзгөн.
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүү ыргагын 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу “Вива-Текс” жоопкерчилиги чектелген коому 125,2%, “Интер-Гласс” 100,1%, «Элит-Гласс» 147,5 %, «Железобетон” ачык акционердик коому 126,4% аткарышкан.
Ошону менен бирге айрым ири ишканалардын арасында көрсөткүчтөр толук аткарылбай калган. Бул «Тоо-Таш» ААКда сатуу көлөмү 64,1% азайгандыгына рыноктогу атаандаш чакан ишканалар бир топ арзан бааларга кум, шагыл сатып жаткандыгына байланыштуу болгон, “Токмок-Булс” жабык акционердик коому 93,1% аткарган, себеби болуп Кыргызстандын рыногунда атаандаш 4 ири заводтор бар, алар продукцияларын арзаныраак баада сатууда, ошондуктан былтыркыга салыштырмалуу азаюу байкалган. Ал эми “Токмок-Булс” ишканасынын продукциялары буудай данынан жасалат, ошого байланыштуу бир аз кымбатыраак. Андан тышкары, жалпысынан алганда ичимдиктерди ичүү калк арасында азайгандыгы байкалат.
Чакан жана орто ишканалардан “Заман” ЖЧКсы 96,9%, “Курманов и К” ЖЧКсы 95,5%, “Картон” ААК 98,1% аткарган. Буларга чийки заттардын жетишсиздиги жана сатуу рыногунун начардыгы себеп болгон.
2018-жылдын ичинде пландаштырылган доолборлор ишке ашты:
-“Каз-Грейн” ЖЧКсында Макарон азыктарынын комплексин түзүлдү. Анын ичинде китлап өндүрүү цехи жана “Жайма” лагман кесмесин өндүрүү цехи ачылды. Капиталдык салымдар 5,7 млн. АКШ доллар түзүп, жыйынтыгында 50 жаӊы иш-орун түзүлдү. Цехтин ачылышуу аземи 2018-жылдын 27 ноябырында КР Президентинин С.Ш.Жеенбековдун катышуусу менен болду.
-“Вива-Текс” жоопкерчилиги чектелген коомунда модернизация жасап трикотаждык цехке 1 млн. 100 миӊ АКШ долларга Германия өлкөсүнөн “Stoll” фирмасынын жаӊы трикотаждык токуу машиналар сатып алып орнотулган.
-«Элит-Гласс» ЖЧКсында өндүрүштү жаңылоо болуп 350,0 миӊ доллар АКШ жабдуулар сатып алынып, жаңы линия орнотулду.
Ал эми, токтоп турган «СССР АС» ЖЧКсы боюнча күрөө кармоочу казахстандагы “Банк Центр Кредит” ушул убакытка чейин инвестор тууралу чечим кабыл алалектигине байланыштуу ишкана турат. “Токмок керамика-дубал материалдар заводу” ААК боюнча инвестор табылбай жатат.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-“Токмок-плодоовощ” ЖЧКсына кайрадан толук иштетүүгө көмөк көрсөтүү;
-“СССР-АС” ЖЧКсы жана “Токмок керамика-дубал материалдар заводу” ААК токтоп турган ишканалары боюнча потенциалдуу инвесторлорду издөөгө көмөк көрсөтүү;
-өнөр жай ишканаларынын жетекчилери өндүрүштүн көлөмүнүн өсүү ыргагын жогорулатууну камсыз кылуулары, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана өндүрүлгөн продукциянын өз наркын төмөндөтүү, өндүрүштү диверсификациялоо жана сатып өткөрүүчү жаңы рынокторду издөө боюнча иштерди улантуулары.

КУРУЛУШ

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча шаар боюнча капиталдык салымдардын көлөмү (алдын ала маалымат боюнча) 1135,9 млн. сомду түзгөн, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 924,5 млн. сомдон 211,4 млн.сомго көбүрөөк болуп, 122,8 % түзгөн.
Отчеттук мезгил аралыгында жалпы аянты 10,4 миң чарчы метрлик 80 жеке турак-жай пайдаланууга берилген. Өткөн жылы бул көрсөткүч 11,4 миң чарчы метрлик 102 жеке турак-жай болуп, мындагы өсүү ыргагы 91,4 % түзгөн.
Ошондой эле “Бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн тез тургузулуучу каркастык жеке турак үйлөрдү куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн Парковая көчөсүндө 36 батирлүу 9 турак үй курулган. 2 турак үй куруулуда, калган 3 үй боюнча каржы маселеси чечилди. Салымын кошуучу каалоочулар келсе баардыгы тургузулуп бүтөт.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-шаардын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына капиталдык салымдардын көлөмүн көбөйтүү боюнча чараларды улантуу.
-Парковая көчөсүндөгү жалпы аянты 4368 чарчы метр болгон “Социум” коттедждик шаарчасындагы 14 үйдүн (56 батир) калган 5 үйүнүн курулушун аяктоо жана пайдаланууга берүү.

БАЙЛАНЫШ

Шаардын байланышчылары тарабынан 2018-жылдын ичинде 35,6 млн. сом тарифтик кирешелер алынды (2017-жылы-35,5 млн. сом), өсүү ыргагы 98,8 % түзгөн. Акы төлөнүүчү кызматтардын көлөмү 25,1 млн. сомду түзүп (2017-жылы-25,0 млн. сом), өсүү ыргагы 100,4 % түзгөн.
Отчеттук мезгилдин ичинде сандык (цифровой) байланыштын 542 телефон аппараты коюлду. Интернет тейлөөгө 782 абонент кошулду, анын ичинен ADSL технологияга- 688 абонент, Metro Ethernet технологиясы боюнча– 94 абонент.
2018-жылдын жыйынтыгы менен төмөнкү долбоорлор аякталган: МSAN-348 “Татарская”, MSAN-313 көчмө станцияларына абоненттерди которуу, Жантаев менен Джерзинский көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Сахзавод” долбоору MSAN-362 айнек-була (оптико-волоконный) кабелине туташтырылды.
“Ленин” долбоору боюнча монтаждоо иштери аякталды. Ошондой эле БТА банк, Бакай-Банк, “Камфорт” ЖЧКсы, “Ырайым” КФ, прокуратура, ИИМ, ишканалар айнек-була (оптико-волоконный) кабелине кошулду. Аскер бөлүгү, Аскер комиссариаты жана жаӊы конуштун тургундары MSAN-392 айнек-була (оптико-волоконный) кабелине которулду.
39,24 км. узундуктагы кабельдик байланыш линиялары 202,5 миң сомго капиталдык ремонттон өттү. Ошондой эле, учурдагы оңдоолор 35,8 км. узундуктагы кабельдик байланыш линиялары 184,8 миң сомго жасалган.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-“Мектептерди интернеттештирүү” долбоору боюнча айнек-була (оптико-волоконный) кабелине туташтыруу;
-Абоненттерди ЦАТС МSAN-328 «Центр» долбооруна которуу боюнча иштер улантылсын.

УНАА

Шаардын унаа уюмдары жана жеке ишкерлер тарабынан 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 850,0 миң тонна жүк ташылган (2017-жылы – 847,5 миң тонна), же 100,2 % аткарылган.
Жүк айлануу 17,0 млн.тн/км (2017-жылы–16,9 млн. тн/км) же 100,2 % түздү.
Жүргүнчүлөрдү ташуу 110,0 млн. жүрг./км, (2017-жылы-109,2млн. жүрг./км), же 100,7 % түздү.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-жеке жеңил жана жүк ташуучу таксилерди патенттөөнү толук камтууга өбөлгө болуучу натыйжалуу чараларды улантуу;
-каттам таксилеринин айдоочуларынын пенсионерлер жана жеңилдик алуучу категориядагы жарандарды тейлөө маданиятын жакшыртуу боюнча иштерди улантуу.

СООДА ЖАНА КЫЗМАТТАР

2018-жылдын ичинде чекене товар жүгүртүү 5132,4 млн. сомду түздү (2017-жылы – 5173,8 млн. сом), өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы 98,0 % түздү.
Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн көлөмү 461,7 млн. сомду (2017-жылы – 456,6 млн. сом) түзүп, иш жүзүндө баалардын өсүү ыргагы 101,1 % түздү.
Иштеп жаткан базарларды ыңгайлаштыруу боюнча сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн иш-чаралар улантылууда.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-соода чөйрөсүндө, керектөөчүлөрдүн базарынын жана көрсөтүлүүчү тейлөөлөрдү мамлекеттик-укуктук жөнгө салуунун сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүсү;
-иштеп жаткан базарларды ыңгайлаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү улантуу.

ИШКЕРДҮҮЛҮК

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто бизнес  субъектилеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1758,2 млн. сомду түзүп (2017-жылы–1288,8 млн.сом), бул көрсөткүч 469,4 млн. сомго көбүрөөк болгон. Өсүү ыргагы мурунку жылга салыштырмалуу136,4 % аткарылган.
Отчеттук мезгилде ЧОБдун 19 объектиси колдонууга берилип 66 жаңы жумуш орундары түзүлдү (2017-жылы — 46), бул 27 объектиге азыраак болгон.
2018-жылдын ичинде 10798 адамга 1126,3 млн. сом чакан насыялар берилген.
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча 4 арыз келип түшкөн. Баардыгы каралып, оӊ чечилген.
2018-жылы Ишкерлер Союзу менен биргелешип төмөнкү темадагы семинарлар өткөрүлгөн:
-» ККМды on line системасын техникалык жөнгө салуу» (КР экономика Министрлиги февраль айында өткөргөн);
-“Күнөсканалардын бизнесин өнүктүрүү” (ААК Гарантиялык фонду, март айында өткөргөн);
-“Бажы союзундагы системасынын техникалык эрежелерин жөнгө салуу” (КР Экономика министрлиги, май айында өткөргөн);
-“Жыгач алуу үчүн бат өскөн половния багын колдонуу” (КР Экономика министрлиги сентябрь айында өткөргөн);
-“Тамчылатып сугарууну уюштуруу” (КР Экономика министрлиги, октябрь айында өткөргөн);
-РКФ өнүгүү фондун өкүлдөрү менен жолугушуу, декабрь айында өткөрүлгөн).

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-чакан жана орто бизнестин жаңы субъектилерин түзүү боюнча ишти улантуу;
-Токмок шаарынын ишкерлер биримдиги менен бизнес түзүү жана жүргүзүү маселесин колдоо жана кеңеш берүү, окутуу маселеси кирген семинарларды, конференцияларды өткөрүү жана уюштуруу боюнча иштерди улантуу;
-керектөөчүлөрдүн укуктарын толук көлөмдө камсыздоо боюнча ишчараларды улантуу.

ЭКСПОРТ-ИМПОРТ

2018-жылдын январь-ноябрь айларында Токмок шаарынын тышкы соода жүгүртүүсү АКШнын 72,7 млн. долларын түздү, бул өткөн жылдагыдан 1,5 млн. сомго көбүрөөк. Импорттун көлөмү — АКШнын 41,1 млн. долларын (2017-жылы 40,9 млн.долл.), экспорттун көлөмү АКШнын 31,6 млн. долларын (2017-жылы – 30,3 млн.долл.) түздү.
Отчеттук мезгилдин ичинде тышкы соода жүгүртүүнүн терс сальдосу  АКШнын 9,5 млн. долларын түздү, былтыркыга салыштырганда (2017ж-10,5 млн.доллар) 1,0 млн. долларга азайган.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, жергиликтүү чийки заттарды жана материалдык ресурстарды колдонуу менен иштеп жаткан экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу  өндүрүштү чыңдоо жана колдоо боюнча иштерди улантуу.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН АТКАРЫЛЫШЫ

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы мамлекеттик бюджет 101,1% аткарылды, план боюнча 412,8 млн.сом болсо, иш жүзүндө 417,3 млн.сом чогултулган.
Анын ичинен республикалык бюджет 101,2% аткарылып, план боюнча 260,7 млн. сом болсо, иш жүзүндө 263,8 млн. сом чогултулуп, же 3,1 млн.сомго көбүрөөк чогултулган.Ал эми жергиликтүү бюджет 100,9 % аткарылып, план боюнча 152,1 млн. сом болсо, иш жүзүндө 153,5 млн. сом чогултулуп,бюджетке 1,4 млн.сом көбүрөөк чогултулган.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү атайын каражаттарды жана официалдуу трансферттерди эсепке алуу менен 104,0 % аткарылды, такталган план боюнча 159,9 млн. сом болсо, иш жүзүндө 166,2 млн. сомду түздү, же бюджетке 6,3 млн. сом ашыгы менен түшкөн. Өзгөчө белгилей кетсек өткөн жылы киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында бир топ иш-чара өткөсүлүп аракеттердин жыйынтыгы боюнча 17,8 млн.сом ашыгы менен чогултулган. 2017-жылга салыштырмалуу киреше бөлүгү 112,0% өскөн.
Жергиликтүү бюджеттин планы салыктардын жана төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрү боюнча аткарылган жок:
-киреше салыгы 99,1% аткарылган, же бюджетке 542,6 миӊ. сом түшпөй калган;
-айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы 95,9 % аткарылган, же бюджетке 479,2 миӊ. сом түшпөй калган;
-саттудан түшкөн салык 94,9 % аткарылган, же бюджетке 1,1 млн. сом түшпөй калган;
-жер казынасын пайдалануу укугун сактоо үчүн салым 28,1% аткарылган, же бюджетке 190,8 миӊ. сом түшпөй калган;
-унаа токтоочу акысы 95,7% аткарылган, же бюджетке 27,0 миӊ. сом түшпөй калган;
-айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу 27,3% аткарылган, же бюджетке 1,4 млн. сом түшпөй калган.
2019-жылдын 1-январына карата салык жана төлөмдөр боюнча мамлекеттик бюджетке мөөнөтүндө төлөнбөй калган калдыктар11,8 млн. сомду түзүп, жылдын башынан бери 237,0 миң сомго азайган. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр боюнча калдыгы өткөн жылы 7,2 млн. сомду түзүп, 157,2 миӊ. сомго көбөйгөн.
Салыктардын түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин карыздары төмөнкүлөр: киреше салыгы 1288,9 миң сом, үй жанындагы жер тилке салыгы 2205,6 миң сом, автоунаа ээлеринен алынган салык 2789,7 миң сом, айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 382,0 миң сом, кыймылсыз мүлк салыгы 302,8 миң сом, сатуудан алынган салык 268,7 миң сом.
Отчеттук мезгилде көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү максатында Токмок шаары боюнча МСКБ менен биргелешип 1359 рейддер жүргүзүлүп, 663мыйзам бузуулар белгиленген, анын ичинде уруксат документтери жок иштеген 185 ЧОБ субъекттери аныкталган. Патентти убагында узартуу мөөнөтүн өткөргөн 141, контролдук кассалык машинанын жоктугу 32, контролдук кассалык машинаны колдонбоо 282 факт. Жогорудагы мыйзам бузуулар боюнча 932 миӊ сом айып салынып, 109,5 миң. сом өндүрүлгөн. Шаар боюнча 190 салык төлөөчүлөр ККМ боюнча “Онлайн” системасын колдонот.
Салык төлөмдөрүн төлөөгө шарт түзүү жана тездетүү максатында шаар боюнча 33 банкомат жана 113 төлөм терминалдары, 33 терминал посттору колдонууга коюлган.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды эсепке алуу менен 96,3 % аткарылды, же такталган пландагы 229,7 млн. сомдун ордуна, иш жүзүндө 221,3 млн. сом сарпталган, анын ичинде:
-атайын каражаттар 97,1% аткарылды, же такталган пландагы 20,2 млн.сомдун ордуна, иш жүзүндө 19,6 млн.сом сарпталган;
-бюджеттик каражаттар 96,3 % өздөштүрүлгөн, же такталган пландагы 209,5 млн. сомдун ордуна, иш жүзүндө 201,7 млн. сом сарпталды.
Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоого (эмгек акы, соц.фондго төлөмдөр, тамак-аш азыктарына, стипендия жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан калкка социалдык жардам көрсөтүүгө) 53,3 млн.сом, же 26,5 % каржыланган. Коммуналдык тейлөөлөрдү каржылоого (сууга, электр энергиясына, жылуулук энергиясына, байланыш тейлөөлөрүнө төлөмдөр) 71,3 млн. сом багытталган, же жалпы чыгымдардын 35,4 % бөлүнгөн, чыгашалардын башка беренелерине 77,0 млн. сом же 38,2%.
2018-жылдын 20-январына карата шаардын бюджеттик мекемелеринин насыялык карыздары (алдын ала маалымат боюнча) 9,8 млн сомду түздү, анын ичинде:
-коммуналдык тейлөөлөргө-8,2 млн.сом, башка чыгашалар-1,5 млн. сом). Андан башка “Токмок- Жылуулук” МИга республикалык бюджеттен жылуулукту камсыз кылуу үчүн бериле турган субсидиянын карыздары 12,2 млн.сом түзөт.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-ай сайын мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн баардык түрлөрүнүн жыйымдарынын планынын аткарылышын камсыздоо;
-салык калдыктарынын өсүшүнө жол бербөө жана алардын кийинки төмөндөшүн камсыздоо боюнча толук чараларды көрүү;
-бюджеттик уюмдардын насыялык карыздарын кыскартуу боюнча, биринчи кезекте чыгашалардын корголгон беренелери боюнча зарыл чаралардын кабыл алынуусу.

КИРЕШЕЛЕР ЖАНА КАЛКТЫ ИШКЕ ОРНОШТУРУУ

Шаардагы орточо эмгек акы 2018-жылдын январь-ноябрь айлары боюнча 13077,4 сомду түздү, мында номиналдык өсүү ыргагы 105,3 % түздү.
2019-жылдын 1-январына карата Токмок шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгында жумушсуз 149 адам катталган. Жумушсуздук макамы141 жаранга берилген. Жумушсуздардын саны 72 адамга кыскарган (2017-жылы-220 адам).
Жылдын башынан тартып менчигинин түрүнө карабастан жумуш берүүчүлөрдөн 281 жумушчу адистиктер боюнча 227 бош жумуш орундарына сунуштар келип түшкөн. Социалдык өнүгүү башкармалыгы 200дөн ашык ишканалар жана уюмдар, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташат.      Отчеттук мезгилде 289 адам жумушка орноштурулду, 162 адамга азыраак. Коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 32 адам, кесиптик окууга 41 адам (2017-жылы-56 адам) багытталган.

 2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-кадрлардын жетишсиздик көйгөйлөрүн жоюу жана кесиптик багытын алмаштыруу боюнча иштер керектүү сандагы адистерди окутууга тапшырыктарды аткаруу аркылуу жаңы ишканаларды ачууну эсепке алуу менен улантуу;
-жумушсуз адамдарды ишке мүмкүн болушунча көбүрөөк орноштурууга көмөк көрсөтүү.

КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК КОЛДОО

Токмок шаары боюнча мамлекеттик жөлөк пул алуучулар 1340 адамды түзөт (2017-жылы-1447адам). Республикалык бюджеттен отчеттук мезгилде төмөнкүдөй каржыланды:
-мамлекеттик жөлөк пул 39,1 млн. сом суммасына;
-акчалай компенсациялар 11,1 млн. сом суммасына.
Жөлөк пул жана акчалай компенсацияларды төлөө боюнча карыздар жок.
Отчеттук мезгилде жеңилдик алуучу категориядагы жарандар жана калктын аз камсыз болгон катмары жергиликтүү бюджеттен 3290,2 миң сомго каржыланып, жардамды 5502 адам алган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 1101 адамга жана 756,1 миң сомго көбүрөөк болгон (2017-жылы-4401 адам/2534,1 миң сом). Анын ичинде:
-социалдык стипендия 704,8 миң сом;
-жол киреге компенсация 645,1 миң сом;
-көмүргө 484,8 миң сом;
-кайтыш болгон адамдарды коюуга 85,0 миң сом;
-арыз менен кайрылгандарга 387 миң сом;
-мүмкүнчүлүгү чектелгендерге материалдык жардамдар 229,2 миң сом;
-жоокер интернационалисттерге, жесирлерге, Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан жумушчуларга, апрель жана июнда болгон, Чернобыль апаатына жана Баткенде болгон окуялардын катышычуларына 225,5 миң сом;
-жана башка жардамдар көрсөтүлдү.
Социалдык мейманкананын тейлөөсүнөн 15 адам, же 6 үй-бүлө, жайсыз адамдар үчүн “Түнөк” социалдык жардам борборунун тейлөөсүнөн 71 адам колдонду.
2018-жылдын ичинде Токмок шаары боюнча 1913 үй-бүлөгө социалдык паспорттору толтурулган. Жакырчылык деңгээли 9,3 % түздү, төмөндөө 1,4 % деп белгиленди (2017-жылы-10,7%). Жакырчылыктын чегинен 235 үй-бүлө 814 адам чыгарылды (2017-жылы-111/170 үй-бүлө), же 124 үй-бүлөгө/644 адамга азайган).
2019-жылдын 1-январына карата ата-энесинин кароосуз калган 64 бала аныкталган, анын ичинде Республикалык адистештирилген балдар үйүндө -51, “Бейкут үйүндө”-13. Үй-бүлөгө тарбиялоого 21 бала, жатак мекемелерине 23 бала берилсе, 9 бала кароосуз калган деп каттоого алынган, үй-бүлөдөн ден-соолугуна жана жашоосуна тикелей коркунуч болгон 9 бала алынган, 3 баланын ата-энелик укуктары жоюлган ж.б.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-муктаж болгондорго мамлекеттен жеңилдетилген баалар боюнча бөлүнүп жаткан биринчи керектелүүчү азыктарды даректүү жеткирүүнү кошуу менен көрсөтүлүп жаткан жеңилдиктер менен тейлөөлөрдүн түрүн жана сапатын кеңейтүү боюнча иштерди улантуу;
-өтө зарыл болгон жарандарга жана калктын аз камсыз болгон катмарына демөөрчүлүк жардамдарды тартуу боюнча ишти күчөтүү;
-мамлекеттик жөлөк пулдарды, жеңилдиктерди жана компенсациялардын өз учурунда төлөнүшүн камсыз кылуу;
-социалдык өнүгүү башкармалыгында акчалай компенсация алуучулардын эсебинде тургандарды банктын карталык тармагына өткөрүү иштерин улантуу.

ПЕНСИЯЛЫК КАМСЫЗДОО
2018-жылдын ичинде пландагы 437,9 млн. сомдун ордуна, 437,3 млн. сом суммасында камсыздандыруу төлөмү чогулду, аткаруу 99,9 % түздү (2017-жылы-406,3 млн.сом).
Социалдык фонд башкармалыгынын алдындагы камсыздандыруу төлөмү боюнча карыздар 2019-жылдын 1-январына карата 116,9 млн. сомду түздү (2017-жылы-138,5млн.сом), анын ичинде чарбалык субъекттер–10,6 млн.сом, каржылык санкция-25,0 млн.сом, банкрот ишканаларынын карыздары –106,3 млн. сом, анын ичинен кайтарылбас карыздар- 2,3 млн. сом.
Отчеттук мезгилде камсыздандыруу төгүмү боюнча карыздарды кайтаруу максатында юридикалык субъектке 2 билдирме 5788,4 миң сомго берилип 1660,7 миӊ сом өндүрүлгөн жана физикалык субъекттерге 365 билдирме 6143,0 миӊ сомго жиберилген.104 жеке ишкерлер сотко берилип,1261,4 миң сом өндүрүлө турган болсо иш жүзүндө 339,5 миң сом өндүрүлгөн.
Шаарда 6647 пенсионерлер жашайт, пенсиянын орточо көлөмү 5596 сомду түзөт, бир айлык пенсия менен камсыздоо үчүн 39,1 млн. сом талап кылынат.
2018-жылдын ичинде республикалык бюджеттен пенсияларды төлөөгө 382,1 млн. сом (2017-жылы 374,7 млн. сом) каржыланган. Пенсияны төлөп берүү боюнча карыздар жок.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-камсыздандыруу төлөмүн жана төлөмдөрдү толук көлөмдө чогултуунун пландуу көрсөткүчтөрүн аткарууну камсыздоо;
-пенсияны өз убагында жана толук көлөмдө төлөп берүүнү камсыздоо боюнча иштерди улантуу;
-камсыздандыруу төлөмүн жана төлөмдөрдүн карыздарын  кыскартуу боюнча иштерди күчөтүү.

БИЛИМ БЕРҮҮ

Токмок шаарында баардыгы 13 орто мектеп, 6 мектепке чейинки билим берүү уюму, 1 балдар менен өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борбору жана 3 жеке мектеп иштейт.
2018-2019-окуу жылынын башталышында 13 мектепте 15363 окуучуну камтыган 502 класстар комплекттелген. 1-сентябрда 1641 бала мектеп босогосун атташкан. Мектептерде 579 мугалим иштейт.
Педагогикалык кадрлар менен 80,0% камсыздалган. Англис тили, математика, орус тили боюнча жана мамлекеттик тил сабактары, баардыгы 12 мугалимге талап бар. Китептер мененн камсыздоо 78,0% түзөт.
Окуучулардын билим сапаты 35,8 % түзөт, билимдин сапаты 2,7% өскөн (өткөн чейрекке салыштырмалуу 33,1%).
Шаардын билим берүү бөлүмү тарабынан окутуунун жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иштер улантылууда. Мугалим кадрлары менен жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин квалификацияларын жогорулатуу максатында РИПКПК квалификацияны жогорулатуу курстарында 195 мугалимдер окуу курстарында окушкан. Ошондой эле №3,9,2 -мектептердин арасында тажрыйба алмашуу өткөрүлдү.
Мугалимдердин алга умтулууларына түрткү берүү үчүн “Мугалим-2018” сынагы өткөрүлүп, ага шаардын баардык мектептеринин мугалимдери менен мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары катышышкан. Жыйынтыгында №1 орто мектеп-гимназиясынын, №3 жана №9 орто мектептеринин мугалимдери менен №6, №3 жана №5 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары жеңүүчүлөр болуп калышкан.
Окуу жылынын ичинде окуучулардын билим сапатын жана шыктуу балдардын алга умтулууларына түрткү берүү үчүн класстар арасында шаардык олимпиадалар өткөүлгөн. Облустук олимпиадада Токмок шаары былтыркы жылга салыштырмалуу 6 байгелүү орунду ашыкча ээлеп, 31 байгелүү орунду жеңип, 70 балл алуу менен жалпы командалык эсепте 1-орунду ээлеген. 31 байгелүү орундардын 1и 1-орун, 11и 2-орун, 6сы 3-орун. Республикалык олимпиадага катышкан 11 окуучунун 5и байгелүү орунду ээлешкен, 2си 1-орун, 1и 2-орун, 2си 3-орун.
Мектептердеги иштин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнүн бири болуп мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жетилүү аттестаттары менен күбөлүктөрүн ырастоо болуп саналат. Ошентип, 2017-2018-окуу жылында № 1 мектептин жана Баласагын атындагы Токмок мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү «Алтын тамга» тестирлөөсүнөн өтүп, тастыкталган артыкчылык диплому менен күбөлүгүн алган.
Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү тарабынан дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында спорттук мелдештер, оюндар, спорт аянттардын көрсөтмөлөрү өткөсүлдү. Ошондой эле “Сары-Өзөн чолпондору” аттуу фестиваль-сынагы өткөрүлүп мектепке чейинки билим берүү уюмдары, балдар менен өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борбору жана №№1-9-3-5-12-мектептер мыкты өнөрлөрүн көрсөтө алышты.
Токмок шаарынын баардык мектептеринде 6257 окучуу тамак-аш менен камсыздалат. Шаардагы №2, №11-мектептер, №1, №4 мектепке чейинки билим берүү уюмдары көмүр менен жылытылат. Көмүрдүн камсыздыгы 100%, же 638 тонна көмүр жеткирилген.
Мектептерди оңдоо иштерине республикалык бюджеттен 1 миллион 122 миң 961 сом бөлүнгөн. Түрткү берүүчү гранттын эсебинен №13 толук эмес орто мектептин чатыры 2140,0 миң сом суммасындагы каражатка кайрадан жабылган. Жергиликтүү бюджеттин 4,0 млн.сом каражатына №9 орто мектептин жылуулук тармагын алмаштыруу иштери бүткөрүлдү. Республикалык бюджеттен №6 орто мектептин капиталдык ремонтуна 23,0 миллион сом каражат бөлүнгөн (чатырын кайра жабуу, жылуулук тармагын, эшик-терезелерин алмаштыруу ж.б.). №4 мектепке чейинки билим берүү уюмундагы көмүр сактоочу жайдын курулушу аякталган. Ага жергиликтүү бюджеттен 165,6 миң сом бөлүнгөн.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-билим берүү мекемелеринде окутуу-тарбиялоо процесстеринин жүрүшүнө, укук бузуулардын алдын алуу, педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу, санитардык-гигиеналык абалды сактоо иштерине дайыма көзөмөл жүргүзүүнү ж.б. камсыздоо;
-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү;
-окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жаӊы новаторлук усулдарын күчөтүү;
-жеке мамиле аркылуу чыгармачылыка жакын окучууларга билим берүү жана активдүү жарандыкка тарбиялоо;
-ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусу үчүн шарттарды түзүү жана инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү;
-демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын каражаттарын, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт фонддордун, гранттардын каражаттарын пайдалануу менен шаардын билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иштерди улантуу.

САЛАМАТТЫК САКТОО
2018-жылдын ичинде 9246 адам ооруканага жаткырылган, анын ичинен шаардын тургундары 5758 (62,2%), бул мурунку жылга салыштырмалуу 49 адамга азыраак болгон (2017-жылы-9295), алардын ичинен жеңилдиктери бар адамдардын саны 64,3 % түздү (5942).
Отчеттук мезгилде демографиялык кырдаал жогорулаганы төмөнкү көрсөткүчтөр менен белгиленген: төрөлгөндөрдүн көрсөткүчү 0,6% өскөн, же 1551 бала төрөлсө, мурунку жылы1441 бала төрөлгөн. Жалпы калктын табигий өсүшү 2,0% өскөн,ошондой эле акыркы учурда спирт ичимдиктеринен көз карандылык 19,9 %, коркунучтуу шишик оруулар 30,9% өскөн.
Ал эми көрсөткүчтөрдүн азайганы, төмөнкү оруулар боюнча: жалпы өлүм коэффициенти 0,7 % азайып, 383 адамды түзгөн, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 416 адам болгон, ымыркайлардын өлүмү 4,3% өскөн (16 наристе), кургак учук оруусу 13,5 % (79 адам), жана наркомания 2,1% көбөйүшү байкалган.
Санитардык-эпидемиологиялык абал отчеттук мезгилде төмөнкү көрсөткүчтөр менен белгиленген.
2018-жылдын жана өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу оруулардын өсүүсү белгиленген:
-ВИЧ-СПИД менен орууган 18 адам аныкталган, бул 16 окуяга өсүү болгон;
-сарык оруусу менен 127 окуя катталган, бул 23 окуяга өсүү болгон;
-эндомикалык богок оруусу менен 299 окуя катталган, бул 17 окуяга өсүү болгон;
-кургак учук менен ооругандардын саны 80 окуя, алар каттоого алынды,бул 8 окуяга өсүү болгон;
-бруцеллез оруусу менен 4 окуя катталган, бул 2 окуяга өсүү болгон;
-жаныбарлардын адамды тиштөөсү боюнча 151 окуя катталган, же 51 окуяга көбүрөөк катталган.
Ал эми жугуштуу ичеги оорусунун 507 окуясы катталган, бул 29 окуяга азайган.
Кызамык менен ооругандардын саны боюнча Токмок шаары боюнча эпидемиялык кырдаал курч бойдон калууда. Азыркы учурда 14 окуя катталган, бирок бул көрсөткүч башка аймактарынан келген адамдардын эсебинен көбөйгөн.
Оорулардын өсүү көрсөткүчтөрү республиканын башка аймактарынан келген адамдардын эсебинен жана диагностиканы жакшыртуу, жаңы заманбап жабдууларды колдонуу менен ооруларды так аныктоодон болгон. Ошондой эле жарандар тарабынан жеке кайрылуулар көбүрөөк болуп жатканы себеп болду.
2018-жылдын ичинде оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 385 объект текшерилген. КР экономика министирлигинен 28 көрсөтмөлөр алынган. Андан тышкары 1722 лабораториялык изилдөө жасалган, анын ичинен 262 талап стандарттарга жооп бербегени белгиленген. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 85 санитардык көрсөтмөлөр берилип, 23 объектти жабууга токтом чыгарылган. 20 объектилердин иштетши токтотулган, 32 ишканага 65,0 миӊ сомго жаза пул салынган.
Санитардык-агартуу иштери боюнча 47 лекция окулду, 4371 аңгемелешүүлөр өткөрүлдү, “Меним шаарым Токмок – Мой город Токмок” газетасында 6 макала жарыяланган.
2018-жылдын ичинде Токмок аймактык ооруканасынын жүрөк оорулар (кардиология) бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Түркия Өкмөтүнүн “ТИКО” гранттык программасынын эсебинен 5576,0 миӊ сомго жүрөк оорулар бөлүмү капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен медициналык калдыктарды кайра иштетүү имаратын жана реанимацияга өтүү коридору курулду. Андан тышкары төрөт үйү, хирургия, балдар бөлүмдөрүндө 4319,6 миӊ сомго учурдагы ремонт жана башка иштер жасалды.
Аймактык оорукананын саламаттык сактоонун электрондук тармагына өтүүсү боюнча иштер аякталды.
2018-жылда Токмоктогу үй-бүлөлүк медицина борборунда №1, №3, №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун имараттарында капиталдык оңдоо иштери 809,7 миӊ сомго жасалды (анын ичинен эмдөө, хирургиялык жана лабораторияда). Ошондой эле тосмо алмаштырылып жана поликлиниканын алдындагы брусчатка 627,6 миӊ сомго салынды. Андын тышкары медициналык эмеректер 386,3 миӊ сомго, дары дармектер 1730,7 миӊ сомго, компьютер жабдуулары 360,0 миӊ сомго жана 35,5 миӊ сомго кенже медициналык кызматкерлер үчүн атайын кийим алынды.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-калкка сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүү жана  оорулардын алдын алуу боюнча иштерди улантуу;
-калктын ден-соолугун бекемдөө максатында туруктуу механизмдерди калктын катышуусунда биргелешкен иштерди активдештирүү;
-сапаттуу жардам менен камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
-мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү;
-саламаттык сактоо объектилеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн гранттарды жана демөөрчүлүк жардамдарды тартуу боюнча иштерди улантуу.

МАДАНИЯТ
2018-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардын Маданият бөлүмү тарабынан 150 пландаштырылган иш-чаралар өткөрүлдү, анын ичинде 30у чоң иш-чаралар.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында
шаардык китепкана-филиалдарында китеп көргөзмөлөрү, журналдар жана стенддер жасалгаланган.
Ч.Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына иш-чараларды өткөрүү боюнча атайын План иштелип чыккан. Алсак, баардык китепкана-филиалдарында, китеп көргөзмөлөрү уюштурулуп, викториналар, аңгемелешүүлөр жүргүзүлгөн. Мисалы, «Апта сайын Айтматовдун каармандары жаныбызда», «Кыргыз элинин турмушу Айтматовдун чыгармаларында», “Кылым үнү-кыргыз жүзү Улуу Чыңгыз” адабий-музыкалык кече, «Чыӊгыздын чыгармалары — улуттук мурас», «Улутум – кыргыз, урааным – Манас, урматым — Чынгыз» эскерүү күнү кечелери.
Өткөрүлгөн иш-чаралардын ичинде, Афганистандан чектелген аскер бөлүктөрүнүн чыгарылып кеткендигинин 29 жылдыгына арналган митинг, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун 26 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара, Ак калпак күнүнө арналган, Мамлекеттик тилге арналган, Нооруз – 2018, Энелер күнүнө жана Балдарды коргоо күнүнө, тарых жана ата-бабаларынын эскерүү күнүнө арналган майрамдык жана башка иш-чаралар өткөрүлгөн.
Н.Байтемиров атындагы Маданият ордосу жаштар жана өсүп келе жаткан муундар үчүн маданий-эс алуу жана маданий-массалык иштерди алып баруудагы социалдык-маданий борбор болуп эсептелет.
Н.Байтемиров атындагы Маданият ордосунда “Баласагын”, “Бурана-Ак элечек айымдары», “Славянка” ардагерлер хору иштешсе, балдар менен “Жаштык”, “Биримдик” чыгармачылык бий жамааттары иш алып барышат.
29-августтан 8-сентябрга чейин Токмок шаарынын Маданият бөлүмүнүн кызматкерлери III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бекиткен 2018-жылдын 2-майындагы №209 Жобосуна ылайык Токмок шаары Чүй облусунун атынан “Кыргыз боз үйүнүн жалпы жасалгаланышы” сынагына катышуу үчүн “Хан-Ордо” көргөзмө боз үйүн тигүүгө жооптуу болгон. III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөр жаңырыгы” Улуттук сынагынын жобосунда көрсөтүлгөн боз үйдүн ички жасалгаланышы талаптарын аткаруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлгөн.
26-сентябрда Маданият ордосунун чыгармачыл кызматкерлери Мамлекеттик тил күнүнүн 29 жылдыгынын урматына майрамдык иш-чара өткөрүшкөн. Майрамдык иш-чаранын катышуучуларына “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы, анын өнүгүүсү боюнча кыска метраждуу документалдык фильм, Т.Сатылгановдун өмүрү жөнүндө театрлаштырылган сценка жана концерттик программа көрсөтүлгөн.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-мазмундуу фестивалдарды, кароо-сынактарды, көргөзмөлөрдү ж.б. иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле жогорку деңгээлдеги кесиптик аткаруучуларды тарбиялоо менен шаардыктардын жалпы көркөм-чыгармачылыгын мындан ары өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу;
-калктын көп бөлүгүн камтыган кызыкчылыктары боюнча клубдардын, ийримдердин санын кеңейтүү боюнча иштерди улантуу;
-шаардагы өткөрүлүүчү жалпы-маданий жана эс алуу иш-чараларынын сапатын жогорулатуу.

ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТТУ ӨНҮКТҮРҮҮ
Токмок шаарында 80 спорт объектилери бар. Төрт спорткомплекс (Балдар менен өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв спорт мектеби, «Шумкар», «Касиет», «Люксор» спорт комплекстери), бир бассейн, 18 спорт зал ( анын ичинде 12 мектептин спорт залдары), 12 футбол аянты (анын ичинен 8и мектептерде), 7 заманбап кичи-футбол аянтчасы жасалма газону менен, 33 волейбол жана баскетбол аянтчалары.
2018-жылдын ичинде Токмок шаарынын Дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан белгилүү даталарга жана майрамдарга байланышкан 20 спорттук-массалык иш-чаралар өткөрүлдү.
2000 ашык шаардын тургундары спорт секцияларында машыгышат. Шаарда спорттун 21 түрү боюнча ийримдер иштейт.
Шаардын спортчулары 24 эл аралык, 20 республикалык, 4 облустук мелдештерге жана турнирлерге катышты, андан тышкары 3 машыгуучу мелдештер өткөрүлгөн.
2018-жылдын ичинде эл аралык турнирлер, чакан-футбол, кулатуу, волейбол, баскетбол, кикбоксинг, дзюдо боюнча спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн. Республикалык турнирлер жеӊил жана оор атлетика, шахмат, аркан тартуу, кол күрөшү жана теннис боюнча иш-чаралар өткөрүлгөн. 2018-жылдагы Региондорду өнүктүрүү жылына арналып “Алтын күз” атуу шаардык турнир окучуулардын арасында баскетбол, волейбол, чакан-футбол боюнча, ошондой эле короолор арасында өткөрүлдү. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында, “Биз биргебиз” аттуу урааны менен шахмат, шашки жана “дартс” оюндары боюнча шаардык мелдештер өткөрүлдү. Токмок шаарынын мыкты спортсмендери Кыргыз Республикасынын курама командасы менен бирге Дүйнөлүк жана Азиянын чемпионаттарына катышууда.       Анын ичинде: Усеналиев А.– эл аралык спорттун чебери, Россия жана Монголиянын ортосундагы 2018-жылдагы Эл аралык турнирдин чемпиону, Джакартада өткөн (Индонезия) жайкы Азия оюндарында коло медалга ээ болгон. 2018-жылы Кулатуу эр таймашы боюнча Алымбеков Тыныстан, Рахматуллаев Бактыжан, Нурланов Нурсултан, Кудайбергенов Нурлан, Тааев Салымбек жана Темирбек у.У., Дубов Сергей, Байсынов Ислам, Бихуров Азиз, Паншаров Муса, Маслянов Дильшод, Кабутов Шерзод, Куйкеев Азизбек, Сабиров Азис, Ибраимов Мухтарбек Эл аралык турнирдин чемпиондору болушкан.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-бир катар жалпы билим берүү мектептеринде, атайын орто окуу жайларында жана башка мекемелерде дене тарбия жана спорт боюнча жаңы секцияларды түзүүнү улантуу;
-тургундар арасында жалпы чуркоо, спорттук үй-бүлөлөр, короолор командасы арасында мелдештер, мектептердин жана мекемелердин ар түрдүү турнилери катары массалык-дене тарбия жана ден соолугун чыңдоочу бир нече иш-чараларды даярдоо, өткөрүү.

МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИК БАШКАРМАЛЫГЫ
2018-жылдын ичинде Токмок шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын киреше бөлүгү 102,9% аткрылды, же бекитилген пландагы 9545,0 миң сомдун ордуна иш жүзүндө 9821,6 миң сом түшүп, бул өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 1212,0 миң сомго көбүрөөк болгон (2017-жылы-8609,6 миң сом).
Жерлерди ижарага берүү бөлүгү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 133,3 % түзүп, пландагы 5170,0 миң сомдун ордуна 6893,3 миң сом түшкөн (2017-жылы – 5832,6 миң сом), же 1060,7 миң сомго көбүрөөк түшкөн.
Отчеттук мезгилде колдонбогон турак-жай эмес бөлмөлөрүн ижарага берүү боюнча 39 келишим түзүлгөн. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн муниципалдык жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү боюнча бөлүгү 101,9 % аткарылды, пландагы 1750,0 миң сомдун ордуна, иш жүзүндө 1783,9 миң сом түштү.
Ижарага жалпы аянты 1198,8 миң чарчы метр 37 жер тилкеси 933,0 миң сомго берилген. Ошондой эле, мезгилдүү мөөнөткө 38,6 миң чарчы метр жерлерди 647,7 мин сомго ижарага берүү боюнча 71 келишим түзүлгөн.
Жеке менчикке 10 жер тилкеси 1897,5 чарчы метр жер 618,7 миӊ сомго берилген. Кайтарылгыс 3 жер тилкеси берилди.
Отчеттук мезгилде Токмок шаардык курулуш жана жерди пайдалануу комиссиясынын 11 отуруму өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык 223 ар кандай мүнөздөгү маселелер каралды. Чектерди аныктоо боюнча 54 жолу комиссиялык чыгуулар жүргүзүлгөн.
2018-жылдын апрелинен тартып, Токмок шаардык мэриясынын №72-б буйругунун негизинде, эркин сооданы жоюу «Булак» жана «Мүрөк» базарларынын аймагында тартипти калыбына келтирүү иштери улантылып жатат. Жеңилдетилген конструкциядагы соода объектилерин ар дайым (күркөлөрдү, соода чатырлары ж. б.) инвентаризациялоо жүргүзүлүп турат жана ошондой эле муниципалдык менчиктеги жерди мыйзамдуу пайдалануу тартиби каралат. Мыйзамсыз курулган соода объекттери, жарнак такталары алынып турат.
Андан тышкары 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 147-б буюрмасынын негизинде коллектордук-дренаждык тармагынын четтеринде жайгашкан балык чарбаларынын жана муниципалдык жер тилкелеринин иштетилип жаткандыгынын мыйзамдулуугун текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле жеке ишкерлер менен шаардын эстетикалык көрүнүшүн бирдиктүү стандартка келтирүү иштери алып барылды.
2018-жылдын ичинде мамлекеттик сатып алуу бөлүмү менен 6 долбоор даярдалган, анын ичинен 3 негизги долбоор жана кошумча 3 долбоор Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин комиссиясы тарабынан колдоого алынган.
Азыркы учурга жолдор боюнча ишке ашырылган долбоорлор:
-Ленин көчөсүнүн (Комсомол көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин) жөө адамдар басуучу жолу 3519,3 миӊ сомго оңдолду(2-кварталда);
-№13 орто мектепте 2149,7 миӊ сомго капиталдык ремонт (2-кварталда);
-Ленин көчөсүнүн (Комсомол көчөсүнөн Шамшы көчөсүнө чейин)жөө адамдар басуучу жолу 4103,7 миӊ сомго оңдолду;
-Жолдорду жамоо иштери шаардын ичинде Парковая, Гагарин, Слободка, Жеңиш, кичи райондо Фрунзе, 22-Партсъезд, Орозбеков, Космонавттар проспекти, баардыгы 1,6 млн.сомго жасалды.
-Сарбагышев көчөсүндө 1,4 км жол 5916,0 миӊ сомго республикалык бюджеттин каражатына жасалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” Программасына катышуучуларды тандап алуу тартиби жөнүндө убактылуу Жобосуна ылайык 110 адамдын арыздары катталган. Кезек күтүүчүлөрдүн журналына 35 адам катталган.
Отчеттук мезгил ичинде турак-жайды камсыздоо боюнча 1-январга карата “Камсыздоо компаниясы” ачык акционердик коомунун Чүй филиалынын маалыматы боюнча 550 турак-жай камсыздалса, анын ичиненТокмок шаары боюнча 240 адам турак-жайын камсыздаган.
2018-жылы жарандардын журналда жер тилкесин турак үй куруу максатында алуу үчүн 26 адам катталган, артыкчылык кезекте 4 киши күтүп турат.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-Муниципалдык менчик башкармалыгынын киреше бөлүгүн 100% аткаруу жана кошумча каражаттарды издөө иштерин улантуу;
-2019-жылга карата долбоордук-сметалык документтерди даярдоо;
-Токмок шаарынын аймагындагы коллектордук-дренаждык тармакка укук берүүчү документтерди каттоо боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте иштерди улантуу;
-муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик каттоо боюнча иштерди улантуу;
-шаардын көчөлөрүн жана жөө адамдар басуучу жолдорду оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү;
-базардагы башаламан сооданы жок кылуу максатында иштерди улантуу;
-Токмок шаарынын Башкы планга тиешелүү гидрогеологиялык изилдөө жана топосъемка жазоо;
-коллектордык-дренаждык тармагынын суу дарыя жээгинде жайгашкан балык чарбачылыктардын ишмердүлүгүн жана муниципалдык жер тилкелерин мыйзамдулуугун текшерүү улантылсын.

ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБАСЫ
Токмок шаарынын турак жай-коммуналдык чарбасында инженердик- техникалык тармактарды оңдоп-түзөө, кайрадан куруу, коммуникацияларды кеңейтүү, тиричилик фондун кармоо жана оңдоп-түзөө боюнча иш-чаралардын программасы жүзөгө ашырылууда.
Бүгүнкү күндө шаардын турак-жай фондун кармоо жана тейлөө менен 50 ТЖМЭШ, 1 «ТЖЭУ» МИ, 1 «Жилсервис» ЖЧК жана Аскер шаарчасынын үй башкармалыгы иштейт.
Отчеттук мезгилде Коммуналдык ишканалар комбинаты тарабынан таштандыларды чыгаруу боюнча көрсөтүлгөн тейлөөлөрү үчүн дебитордук карыздарды жоюу боюнча иштер өткөрүлгөн.
Бардык кыйынчылыктарга карабастан, коммуналдык кызматтар жашоонун бардык ченемдерине жана параметрлерине тиешелүү көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн өз убагында аткарылуусун жана сапаттуулугун камсыздоодо.
2019-жылдын 1-январына карата дебитордук карыздар:
-«Токмок жылуулук менен камсыздоо ишканасы» МИ боюнча–25,4 млн.сом, анын ичинде калк–17,5 млн.сом. Мурунку жылдын ушул мезгилине караганда дебитордук карыздар 10,0% азайган (каралган иш-чаралар боюнча жергиликтүү бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелердин карыздары толугу менен жабылды, андан тышкары республикадан каржыланган мекемелердин карызы азайган).
-“Токмок Жылуулук” МИ боюнча- 25,4 млн.сом (12,2 миллион сом субсидиянын эсепке алганда), анын ичинде калк–2,4 млн.сом. Мурунку жылга караганда жалпы дебитордук карыз 25% же 5,1 млн.сомго өскөн. Бул карыз республикадан каржыланган мекемелердин эсебинен болгон).
-«Токмок Водоканал» МИ боюнча –7,8 млн.сом, анын ичинде калк – 6,1 млн.сом, мурунку жылга салыштырганда дебитордук карыз 11,3% азайган.
-Токмок РЭТ боюнча–23,4 млн.сом, анын ичинде калк 12,5 млн.сом, мурунку жылга салыштырганда дебитордук карыз 8,3% өскөн. (анын ичинен “Токмок Жылуулук” МИ карызы 4,8 млн.сом)
-Коммуналдык ишканалар комбинаты боюнча-8,7 млн.сом, анын ичинде калк –8,0 млн.сом, мурунку жылга салыштырганда дебитордук карыз 6,6 % өскөн.
Европа өнүктүрүү банкы тарабынан берилүүчү 5,1 млн. ЕВРО көлөмүндөгү каражатка “Токмок шаарын суу менен камсыздоо жана агынды суулардын тутумун жакшыртуу” долбоору боюнча иш-чаралар ишке ашырылуу алдында турат. Унаа каражаттарын сатып алууга тендер өткөрүлгөн, жыйынтыгында “Хаят Групп” утуп алган жана келишим түзүлгөн. Юридикалык башкаруу жана техникалык жактан тандап алуу боюнча иш-чаралар аякталган. 2018-жылдын декабрында долбоор “эффективдүү” деп жарыяланды. Долбоорду ишке ашыруу башталды. Мөөнөтү 2019-2021-жылдар.
“Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын буу казандарын реконструкциялоо боюнча иштер аякталды. Жыйынтыгында жаӊы 2 буу казан, сууну химиялык иштетүү боюнча агрегат, сууну деарациялоо жабдуусу, насостор жана авариялык отун үчүн 60,6 миллион сомдук 60 кубометрлик сыйымдуулук орнотулган. Калган акчага 1240 метр узундуктагы Жеңиш көчөсүндө жылытуу түтүктөрү алмаштырылды (9,4 млн.сом). Баардыгы 70,0 млн.сомго.
Азыркы учурда “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасын “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүү боюнча материалдар даярдалып өкмөттүн кароосунда.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-“Токмок жылуулук менен камсыздоо” мамлекеттик ишканасы жана “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасы тарабынан 2018-2019-жылдардын жылуулук берүү мезгилинде Токмок шаарынын турак-жай фондун, социалдык инфраструктура объектилерин жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо;
-«Токмок Водоканал» МИ тарабынан «Токмок шаарын суу менен камсыздоо жана агынды суулардын тутумун реабилитациялоо” долбоорунун ишке ашуусуна толук көмөк көрсөтүү;
-“Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасын “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүү боюнча иштерди улантуу;
— Коммуналдык ишканалар комбинаты дебитордук карыздардын деңгээлин кыскартуу боюнча даректүү иш алып баруу менен соттук тартипте карыздарды кайтаруу тажрыйбасын колдонуусу жана жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтарды чагылдыруусу.

КӨРКТӨНДҮРҮҮ
Отчеттук мезгилде шаардагы сугат тармагын калыбына келтирүү жана жашылдандыруу, ыңгайлаштыруу жолдорду, автоунаа жолдорун кышында тейлөөгө, кар күрөөгө жана тайгактын алдын алууга багытталган иштер, көчөлөрдүн жарыгын сактоо, санитардык тазалоо боюнча иш-чаралар аткарылган.
2018-жылдын ичинде шаарды көрктөндүрүү боюнча иштердин көлөмү 26,2 млн. сомду түзгөн.
Шаар боюнча баардыгы 72,3 миң кубометр таштанды чыгарылган.72 чакан таштандылар жоюлуп 23,8 миң кубометр таштанды чыгарылды. 24 түп сосна көчөттөрү отургузулуп, шаардын көчөлөрүндөгү 1412 бактар буталган жана 17335 түп гүл көчөттөрү клумбаларга отургузулду.
Сугат суусун алуу үчүн 16,3 км. арык тутуму тазаланды жана оңдолду. Жаныбарлардын кутурма оорусунун алдын алуу максатында 1909 жолбун иттер атылган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 75 жол белгилери орнотулуп, 23ү оӊдолду жана 677,7 чарчы метр жолдордо жол белгилери тартылды.
Шаардын көчөлөрүндөгү жарыктандыруучу 1258 шамды жана 8 светофорду оң абалда кармап туруу боюнча туруктуу иш жүргүзүлгөн.
Санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, көчөгө жарык берүүчү объектилерди, светофорлорду ж.б. тейлөө иштери улантылууда.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-шаарды көрктөндүрүү, инфраструктурасын реконструкциялоо, баш аламан таштандыларга жол бербөө жана келишимдеги милдеттерге ылайык тиричилик таштандыларын өз убагында чыгаруу иштеринин жүзөгө сапаттуу ашырылышы боюнча иштерди улантуу;
-шаардын ТЖМЭШтери, АКӨБдөрү менен келишимдеги милдеттенмеге ылайык иштин аткарылышы;
-үйлөрдүн айланасында санитардык ченемдерди сактоого катуу көзөмөл жүргүзүү;
-таштандыларды чыгаруу үчүн акы өз убагында чогултулушун камсыздоо.

ӨКМ
Токмок шаары боюнча ӨК бөлүмү тарабынан 2018-жылы бекитилген Жарандык коргоонуунун даярдоо планына ылайык иштер жүргүзүлдү.
2018-жылдын январь, февраль айларында Чүй облусундагы райондор менен макулдашылып бекитилген графиктин негизинде Москва жана Панфилов районунун Жарандык коргоо бөлүмдөрүнүн күч, каражаттары менен жер алдындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнүн кесепетин жоюу боюнча иш-чаралар улантылган. Анын ичинен Москва району Октябрь көчөсүнөн баштап Охотничья-Родниковая көчөсүнө чейин узундугу 700 метр ачык түрдөгү коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо жана тереңдетүү боюнча иштерди аткарган, аткарылган иштердин көлөмү 1050 кубометрди түзгөн, 1 эксковатор иштеген. Панфилов району Иваницин көчөсүнөн баштап П түрүндөгү көлмөгө чейин узундугу 900 метр ачык түрдөгү коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо жана тереңдетүү боюнча иштерди аткарган, аткарылган иштердин көлөмү 1500 кубометрди түзгөн, 4 көпүрө бузулуп, 1 эксковатор иштеген.
Ошондой эле 200 метр узундуктагы ачык түрдөгү коллектордук-дренаждык тармакты тазалоо жана тереңдетүү боюнча Охотничья көчөсүндөгү чолок көчөдө иштер аткарылган жана жөө жүрүүчүлөрдүн 2 көпүрөсү бузулган.
Алдын алуу жана кесепеттерди жоюу иш-чаралары (ААжКЖ и.ч) боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Түндүк борбору (КР МӨКЧКТБ) Зеленая көчөсүнөн баштап Ибраимов жана Октябрдын 70 жылдыгы көчөлөрүнө чейин коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо жана тереңдетүү боюнча иштерди аткарышкан. Аткарылган жумуштун көлөмү 4242 кубометр, узундугу 1680 метрди түзгөн.
2018-жылга Жарандык коргонуунун бекитилген даярдык планына ылайык чарба жүргүзүүчү объектилер менен окуу жайларынын жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү коркунуч менен өзгөчө кырдаал жаралышынын шарттарында даярдыктарын жогорулатуу максатында “Каз-Грейн” ЖЧКсында, “Токмок-Булс” ЖАК, «Курманов жана К» ЖЧК, “Кыргыз Тоо-Таш”, “ТДПНЗ”, “Железобетон”ААК, Жарык берүү кызматында, медициналык кызматында машыгуу өткөрүлгөн. Ошондой эле, «Булак» борбордук базарында да өрткө каршы машыгуу өткөрүлгөн. Токмок шаарындагы орто мектептер арасында “Жаш куткаруучу” машыгуусу өткөрүлгөн.
2018-жылдын февраль айында «Өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунуч шарттарында (Жарандык коргоо кызматы) башкармалыктардын пункттарынын өздүк курамдарынын иштерин уюштуруу» темасында штабдык машыгуу өткөрүлгөн.
Токмок шаары боюнча ӨК бөлүмү мэрия менен биргелешип № 21 аскерлештирилген өрткө каршы бөлүмүнүн базасында «Юный спасатель» аталышындагы машыгуу өткөрүлгөн. Катышуучулары Токмок шаарындагы 11 мектептин 9-10-класстарынын окучуулары болгон. Жергиликтүү бюджеттен 12,0 миӊ сом бөлүнгөн.
5-октябрь — Кыргыз Республикасындагы кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Чүй облусунун Токмок шаарында 22-сентябрь күнү салтанаттуу иш-чара өткөрүлгөн.
Иш-чара салтанаттуу жөө жүрүш менен башталып, КР ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгынын өздүк курамы тарабынан куткаруу шаймандары, техникалары, авариялык-куткаруу шаймандары катышуучуларга көрсөтүлүп, жол кырсыгында биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана жабырлануучуну туура транспорттоо, викториналар, жеңүүчүлөрдү сыйлоо, өрт колдонмо спорту, лафетный стволу аркылуу өрт өчүрүү менен коштолду. ӨКМдин жана Жарандык коргонуу кызматтарынын атайын техникаларынын парады өткөрүлгөн.
2018-жылдын ичинде Токмок шаарынын аймагында 126 өрт чыгып, материалдык чыгым 3,1миллион сомду түзгөн. Мурунку жыл менен салыштырмалуу өрттөрдүн саны 14 окуяга азайган жана материалдык зыяны 1,4 млн. сомго көбөйгөн. Өрттөрдө 4 адам каза болду (анын ичинен экөө балдар). Токмок ш. боюнча ӨК бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан 8 адам жана 38 млн. сомго материалдык баалуулуктар сакталган.
Өрт коопсуздугунун эрежелерин үгүттөө жана жайылтуу максатында мезгилдүү басылмаларда 84 материал жарык көргөн, радио аркылуу 273 берүү уюштурулуп, СТВ телеканалында өрткө каршы тема боюнча 20 сюжет көрсөтүлгөн. Ошондой эле 17463 адамды камтыган 3696 инструктаж өткөрүлгөн.
2018-жылы Токмок ш. боюнча ӨК бөлүмү тарабынан АКӨБ (Аймактык коомдук өз алдынча башкармалыгы), ТЖМЭШ (турак жай менчик ээлерин шериктешиги), кварталдык комитеттердин төрагаларын жана № 21 аскерлештирилген өрткө каршы бөлүктүн кызматкерлерин окутуу өткөрүлүп, ага баардыгы 2800 адам катышты.
Токмок ш. мэриянын 2018-жылдын 11-июнундагы № 100 буюрмасын аткаруу максатында, Токмок ш. боюнча ӨК бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан жай мезгилинин алгачкы күндөрүнөн баштап жарандардын сууга түшүүдө сак болуусу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Алдын ала чаралар көрүлүп, сууга түшүү эрежелерин түшүндүргөн атайын баракчалар элдерге таратылып, сууга түшүүгө тыюу салынган 1 баннер, 21 даана атайын такталар шаар ичинен агып өткөн каналдардын жээктеринде илинди.
Мындан сырткары, куткаруучулар Токмок ш. ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте эл көп сууга түшкөн аймактарга барышып, сууга чөккөн адамды куткарып алуу жана ага биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча аракеттерди 338 адамга иш жүзүндө жүзүндө көрсөтүп беришти.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-жер алдындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнүн кесепетин жоюу боюнча иш-чараларды улантуу;
-өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жер алдындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө мониторингди туруктуу негизде жүргүзүү;
-калкка өзгөчө кырдаалдардын коркунучу кездеринде ошондой эле өрт чыккан учурда алдын ала аракеттенүү боюнча маалымат берүү иштерин күчөтүү.

УКУК КОРГОО
Токмок шаардык ИИБ тарабынан укук бузуулардын жана кылмыш иштеринин алдын алууну үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн негизинде, жашы жете электердин укук бузууларын эскертүү, көчөлөрдөгү кылмыштуулук жана уурулук, диний экстремизм менен күрөшүү чаралары, кылмышкерлерди жана дайынсыз жоголгондорду издөө туруктуу негизде ишке ашууда, баңгизат бизнеси менен күрөшүү боюнча, экономикалык кылмыштуулуктар, жемкорлуктун көрүнүштөрү менен иштер жүргүзүлүүдө, шаардыктардын коопсуздугу жана коомдук тартип камсыз болууда.
2018-жылы 387 кылмыш катталган, анын ичинен 298и ачылган кылмыштар, көрсөткүч 77,0 % түзгөн. Мурунку жылы 582 кылмыштын бети ачылып, 76,6% түзгөн, салыштырмалуу 195 кылмышка аз катталган, же 0,4 % жогору жабылган.
Оор жана өзгөчө оор кылмыштуулуктун саны 41 болсо, мурунку жылы 31, анын ичинен 38 кылмыштын  бети ачылган. Мурунку жылга салыштырганда кылмыштын бетин ачуу 92,7 % түзүп, 4,1% азыраак жабылган.
Киши өлтүрүү 12, мурунку жылы 9, ачылганы 10, бетин ачуу 83,3 % түздү, тоноо 10, мурунку жылы 16, ачылганы 9, же 90,0% түздү жана кылмыштын ачылышы 2,5 % жогору жабылган. Каракчылык фактысы боюнча 3, ачылганы 3, иштин ачылышы 100,0 % түздү. Уурулук фактысы 223, мурунку жылы 313, иштин ачылганы 161, же бетин ачуу 68,6 % түздү, кылмыштын бетин ачуу 7,0 % жогору жабылган. Батирлерди уурдоо 40, мурунку жылы 109, ачылганы 23, же бетин ачуу 57,5 % түздү, бул көрсөткүч 69 кылмышка аз катталып ачылышы 15,0% төмөндөгөн.
Коомдук жерлерде 73 кылмыш катталган, бул былтыркыга салыштырганда 4 кылмышка көбөйгөн, ошондой эле көчөлөрдө 12 кылмышка көбөйгөн.
Жаш өспүрүмдөр тарабынан 35 кылмыш жасалган, бул көрсөткүч 9 кылмышка көбөйгөн. Жаш өспүрүмдөргө карата 34 кылмыш жасалган, булкөрсөткүч 9 кылмышка азайган.
2018-жылдын ичинде баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүчү тобу тарабынан (ГБНОН) 25 факт аныкталган, мурунку жылы 31, анда кылмыштуу жүгүртүүдөн отчеттук мезгилде 30928 гр. баңги заты алынган, мурунку жылы 1464 гр.баңги зат алынган. 24 адамга кылмыш иши козголгон.
2018-жылдын 9 айында улуттар арасында болгон жаңжалдардын 5 фактысы катталып, алдын ала түшүндүрү иштери жүргүзүлдү.Сирия өлкөсүнө алдануу жолу менен кетип жаткан жарандар боюнча, улут аралык жаңжалдарды алдын алуу боюнча 78 лекция окулду.
Токмок шаарынын ИИБ ЖККБ тарабынан 12194 жол кыймылынын эрежесин бузуулар катталса, мурунку жылдын отчеттук мезгилинде 1023 жол кыймылынын эрежесин бузуулар катталган, же 11171фактыга көбүрөөк (анын себеби 2018 жылы Патрулдук милиция жоюлуп алардын штаты 9 киши ИИБ ЖККБ кошулган).
Отчеттук мезгилде 73 жол кырсыктары катталса,12 адам каза болгон, 120 адам жабыркаган. Мурунку жылга салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны бирдей эле болгон, 4 адамга аз катталып (25,0%), жаракат алгандардын саны 20 адамга көбөйгөн (20%).

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-жасалган кылмыш иштерин ачууда жана аныктоодо иликтөө жана ыкчам топторунун иштерин жандандыруу;
-коомдук жайларда кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында ишти күчөтүү;
-балдар менен өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча ишти күчөтүү;
-жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо боюнча ишти жандандыруу;
-укук бузуулардын алдын алуу боюнча жана ушул максатта үгүттөө жана үйрөтүү иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерди күчөтүү;
-окуу жайлардын, уюмдардын, мекемелердин жамааттары аркылуу коомдо сабырдуулукту тарбиялоо боюнча иштерди жандандыруу;
-улутчулук көрүнүштөрдүн жана мүмкүндүү терроризм актыларын алдын алуу боюнча зарыл чараларды кабыл алуу.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ
Кыргыз Республикасында 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун жүрүшүндө Токмок шаардык мэриясынын жетекчилиги тарабынан мэриянын аппаратынын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин жогорулатуу боюнча окуу курстары уюштурулган. Мындан тышкары түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан өз каражаттарынын эсебинен окутуу уюштурулган.
Шаардык мэриянын, Муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаардык кеңештин, Каржы башкармалыгынын жана шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн кызматкерлери Б2 боюнча, А2 боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Окуу-маалымат борборунан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге мамлекеттик тилди жогоруда көрсөтүлгөн деңгээлдер боюнча 72 (жетимиш эки) сааттык окуу курсун ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө тастыктаманы алышкан.
Токмок шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан келген каттарды жетекчиликке алуу менен шаардагы баардык билим берүү мекемелеринде, ишканаларында, уюмдарында жана мекемелеринде “Эне тил жана Ч.Айтматов” мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында белгиленген иш-чараларга ылайык иш алып баруулары үчүн 2018-жылдын 28-сентябрында № 146-б буюрмасын кабыл алган. Аталган үч айлыктын жүрүшүндө шаардын баардык окуу жайларында, уюмдарында жана мекемелеринде жыл аягына чейин иш-чаралар өткөрүлүп келген. Ал иш-чаралардын басымдуу бөлүгү Маданият бөлүмүнүн маалыматында да камтылган.
23-ноябрда Токмок шаардык мэриясынын чоң залында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган “Эне тил жана Айтматов” аттуу мамлекеттик тилдин үч айлыгына арналган салтанаттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлгөн. Ага Токмок шаарынын мэри, шаардык кеңештин төрагасы, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, илимий кызматкерлер, шаардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, уюмдарынын, мекемелеринин жетекчилери менен мамлекеттик тил боюнча адистери, окуу жайларынын кыргыз тили мугалимдери катышышкан.
Анда мамлекеттик тилди өнүтүрүүгө кошкон салымдарын эске алуу менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси, Ардак грамоталары тапшырылган.

2019-жылы төмөндөгү иш-чаралар зарыл:
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун аткарылышын так көзөмөлгө алуу;
-кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу курстарында кызматкерлерди окутуу жүргүзүлүүсү жана улантылуусу;
-мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди керектүү деңгээлде билүүлөрү боюнча тесттерди тапшыруу үчүн окутуу курстарына катышуу так уюштурулуусу;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 95-б “2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы боюнча Чүй облусундагы иш-аракеттер планын ишке ашыруу жөнүндө” буюрмасын аткаруу үчүн квартал сайын отчеттор Токмок ш. мэриясына тапшырылуусу.

КАТТАР, ДАТТАНУУЛАР МЕНЕН ИШТӨӨ ЖАНА АТКАРУУ ТАРТИБИ
2018-жылдын 12 айында 887 арыздар жана кайрылуулар каралды, бул мурунку жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу –91ге көбүрөөк. Алардын ичинен 251у оң чечилди, 568 кайрылууларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, 52 кайрылууну аткаруудан баш тартылды, 16 кайрылуу аткарууу иретинде турат. Анын ичинен: Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан 14 (14 түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынан келген 5 кайрылууга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүнөн 44 (16сы оң чечилди, 28ине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, экөө аткарууу иретинде турат).
Электрондук кайрылуулардан 25 арыз түшкөн. Мэрдин жана вице-мерлердин катышуусу менен 3 видео конференция өткөн.
2018-жылдын 12 айында “Ишеним телефону 146” кызматына 9842 чалуулар болгон, анын ичинде социалдык маселелер боюнча — 230, коммуналдык маселелер боюнча 9129 чалуулар болгон жана башка маселелер боюнча 483 чалуулар.
«Менин шаарым Токмок-Мой город Токмок” шаардык газетасында “Шаардагы апта” рубрикасы үзгүлтүксүз түрдө жарандардын кайрылууларынын мүнөздөрүн жана мазмунун ачык-айкын чагылдырып турат. Токмок шаардык мэриясында расмий түрдө төмөнкү дарек боюнча сайт ачылган:www/tokmokcity.kg.
Токмок шаардык мэриясынын жетекчилиги тарабынан 111 адам кабыл алынды, алардын 72 кайрылуулары оң чечилип, 37 адамга түшүндүрмө берилген, 2 кайрылуу аткаруу иретинде.
Баардык арыздар, каттар жана даттануулар “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” Мыйзамга ылайык так каралып турат жана каттоого алынат.
Түшкөн документтердин аткарылуусу:
2018-жылы Токмок шаардык мэриясына Кыргыз Республикасынын жогорку органдарынан 2204 ченемдик-укуктук актылары келип түшкөн. Алардын ичинен 2192 аткарылды, 12си аткарууда турат. Алардын ичинде:
-ченемдик-укуктук актылар -163;
-КРӨ Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын каттары-641;
-208 телефонограмма;
-Кыргыз Республикасынын министирликтеринен жана ведомстволорунан 400 иш кагаз — келип түшкөн;
-Токмок шаарындагы уюмдар менен мекемелерден 757 кат келип түшкөн.
Аткаруу тартиби дайыма жетекчиликтин көзөмөлүндө турат.

Токмок шаардык кеңешинин
жооптуу катчысы                    С.А.Кабаева