Тиркеме 2 Токмок шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-январындагы № 194/27-4 токтомуна

Тиркеме  2
Токмок шаардык кеңешинин
2019-жылдын  25-январындагы
№ 194/27-4  токтомуна

 

2019-ЖЫЛГА КАРАТА  ТОКМОК ШААРЫНЫН

СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫ

Токмок шаары, 2019-жыл.

КИРИШҮҮ

МАКСАТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР

Токмок шаарынын 2019-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы №194 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга регионалдык саясат Концепциясын ишке ашыруунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы №2-ПЖ “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы №1-ПЖ “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкакактарында иштелип чыккан.
Ошондой эле шаардык кеңештин XV сессиясы 2017-жылдын 21-декабрындагы №91/1-4 токтому менен бекитилген Токмок шаарынын 2018-2022-жылдарга өнүгүү программасы.
Программанын негизин шаарды өнүктүрүүдөгү экономикалык жана социалдык жетишилген негизги натыйжалар түзөт. Баардык кызматтардын, бөлүмдөрдүн, ишканалар менен уюмдардын үстүбүздөгү жылдагы баардык көйгөйлүү маселелелеринин чечилиши, ошондой эле шаардыктардын сунуштары менен эскертүүлөрү ушул Программада камтылган.
Токмок шаары баардык багыттарда өсүүгө зор мүмкүнчүлүктөрү бар макамына ээ.
Биздин шаарды биз: экономикасы динамикалуу өнүгүп бараткан, социалдык чөйрөсү жана натыйжалуу башкаруусу өнүккөн, таза, көрктөндүрүлгөн шаар, жашыл шаар, ыңгайлуу жана жайлуу шаар, билимдүү шаар, тунук жана ачык башкаруудагы шаар катары карайбыз. Шаардыктар шаар бийлиги менен биргеликте жашоонун ыңгайлуу чөйрөсүн түзгөн ачык мүмкүнчүлүктөрдүн шаары.
Токмок шары Чүй облусундагы «өсүү орду» делген шаарлардын бири. “Өсүү орду” болуу менен биз тарабынан биздин шаардын өнүгүүсүнүн жөнөө орундары аныкталган.
Биринчиден, Токмок шаары өнөр жай индустрия багытында өнүгүп келген жана өнүгүүдө. Ушуга байланыштуу шаарда экономиканын өнөр жай секторун өнүктүрүү үчүн шаарда тиешелүү инфраструктура бар. Ошондуктан аймактык саясаттагы артыкчылыктуу негизги багыт шаардын өнөр жай кубаттуулугун калыбына келтирүү болуп эсептелет. Ал жаңы кубаттуулуктарды ишке кийирүүнүн жана токтоп турган ишканаларды жандандыруунун эсебинен ишке ашырылмакчы.
Өнөр жай ишканалары боюнча орто келечекке, анын ичинде 2019-жылы төмөндөгүдөй долбоорлордун ишке ашырылышы пландалып жаткандыгын белгилесек болот: “Токмок-Булс” ААК – патоканы кайра иштетүү боюнча (кант кызылчасы) линиянын курулушунун долбоору, ошондой эле “Буудайдан крахмал менен глютин өндүрүүчү линиянын курулушунун” долбоору. Бирок, коңшу өлкөлөрдөгү валютанын бааларынын төмөндөп кетүүсүнө байланыштуу тышкы экономикалык жагымсыз кырдаалдан улам долбоорлор токтотулган. Ошондой болсо да, кырдаал оңолуп кетсе долбоорлор кайрадан иштеп баштайт деген ойдобуз.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын негизги жана башкы аракеттенүү критерийлери шаардын туруктуу өсүү шарттарында анын экономикал, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана анын аткарылышы болуп эсептелет.
Социалдык чөйрөдөгү кырдаалды калыбына келтирүү, анын ичинде эмгек рыногун жандандыруу, болгон өндүрүштүк кубаттуулуктарды дагы толугураак пайдалануу, өндүрүлүп жаткан продукцияларды диверсификациялоо анын атаандаштыгын жогорулатуу ушул максаттарга жетишүүнүн зарыл шарттары болуп саналат.
Экинчиден, шаардын учурдагы прогрессивдүү өнүгүүсү үчүн анын инженердик инфраструктурасы менен мезгилдин жаңы талаптарына ылайык болуусу негизги талаптардын бири.
Ушул максатта Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын 5,1 миллион Евро көлөмүндөгү каражатына “Токмок шаарынын суу менен камсыздоо тармагын жана агынды суулардын тутумун жакшыртуу” долбоору ишке ашырылуунун алдында. Учурда Субкредиттик келишимге кол коюлган.
Транспорт каражаттарын сатып алууга тендер өткөрүлгөн. “Хаят Групп” компаниясы менен келишим түзүлүп, корпоративдик башкаруу менен долбоорду техникалык коштоого талапкерлерди тандоо өткөрүлгөн.
Биздин демилгебиз менен Өнөр жай, энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан ЕВРИБОР 2,5% ставкасын 1% ставкага төмөндөтүү маселеси боюнча 4 кеңешме өткөрүлгөн. Ушул эле маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинде да жолугушуулар жана консультациялар өткөрүлгөн.
Шаардык бюджеттин каржылык абалынын оордугун эске алуу менен Токмок шаардык мэриясы тарабынан насыяны пайдалангандык үчүн Еврибор +2,5% жылдык пайыздык ставкасын Еврибор +1,0% ставкасына чейин төмөндөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буюрмасынын долбоору дайындалып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарбалар мамлекеттик агенттигине жөнөтүлгөн.
Учурда буюрманын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын бөлүмдөрүндө макулдашууда турат.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик экономикалык өнүгүү фонду аркылуу “Токмок-Жылуулук” муниципалдык ишканасы үчүн буу казандар чарбасы менен жылуулук трассасын реконструкциялоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен ссуда алынган. Долбоор ийгиликтүү аяктады. “Токмок-Жылуулук” муниципалдык ишканасы менен “Термофлекс” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы эки тараптуу келишимдин баардык шарттары аткарылган жана 2018-жылдын 1-июлуна карата буу казандарын модернизациялоо иштери аяктаган.
Жыйынтыгында 2 буу казаны, сууну химиялык иштетүү боюнча агрегат, сууну деарациялоо боюнча жабдуу, авариялык отун үчүн 60 кубометр сыйымдуулук жана насостор орнотулган. Бөлүнүп берилген 70 миллион сомдун 60,6 миллион сому жогоруда аталган жабдууларды жеткирүүгө, орнотууга жана ишке киргизүүгө жумшалган. Ошондой эле 9,4 миллион сомго Жеңиш көчөсүндөгү 1240 метр узундуктагы жылуулук тарссасы алмаштырылган. Учурда “Токмок-Жылуулук” муниципалдык ишканасын “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүү маселеси чечилүүдө. Маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын бөлүмдөрүндө макулдашууда турат.
Шаардык чарбанын өнүгүүсүн ыкчамдатуунун максаттары төмөндөгүлөр:
-экономиканын өсүүсү жана муниципалдык башкаруунун сапатын жогорулатуу боюнча ыкчамдатууну камсыздоо менен шаардын кубаттуулугун жана мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;
-шаардык коммуналдык кызматтардын сапаттуу тейлөөлөрүн камсыздоо менен шаардыктардын турмушун ыңгайлуу кылуу;
-бекитилген пландарга ылайык социалдык объектилердин реконструкцияланышы менен курулушун так жүргүзүүнү камсыздоо менен шаардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу жана активдүү өнүктүрүү;
-маданият, спорт жана шаардыктардын эс алуучу объектилеринин инфраструктурасын өнүктүрүү;
-калктын аярлуу катмарына даректүү колдоо көрсөтүү үчүн бизнестин социалдык багыттуулугун күчөтүүнү колдоо;
-позитивдүү демографиялык жылышты камсыздоого көмөк көрсөтүү.
Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерге салык жана салык эмес төлөмдөрдүн баардык түрлөрү боюнча пландуу жыйымдардын ай сайын аткарылышына көзөмөлдүк күчөтүлөт. Ошондой эле салык карыздарын кыскартуу жана анын андан ары өсүшүнө жол бербөө боюнча кабыл алынган чаралар да күчөтүлөт. Бюджеттик уюмдардын кредитордук карыздары кыскарат. Шаардагы көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштер улантылат.
Салык төлөөчүлөрдүн электрондук тейлөөнү колдонууларына жагымдуу шарт түзүү жана чөйрөсүн кеңейтүү боюнча салык кызматын жаңылоо пландалууда. Ошондой эле салыкты өз учрунда төлөөгө жана жемкорлук көрүнүштөрүн жоюуга көмөк болуучу кассалык аппараттарды кийирүү жана маалыматты «Он-лайн» түзүлүшүндө берүү милдеттерин кийирүү да пландалууда.
Мындай чаралар бизге түпкү натыйжага жетишүүгө – өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүнө, иш менен камсыз болуунун өсүшүнө, калктын бүтундөй алгандагы кирешесинин өсүшүнө, шаардыктардын жашоосунун сапатын мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдүн жакшырышына мумкүндү берет.
Шаардын мэриясы бизнести жүргүзүү үчүн жиктелген айдың түзүүгө жана алардын ишмердүүлүгүнө кийлгигишүү деңгээлин чектөөгө тийиш.  Бул үчүн шаардын администрациясынын ишмердүүлүгүндө кеңири ачыктыкты камсыздоо зарыл.
Мына ушул максатта “Муниципалдык менчикти башкарууга жаңыча мамиле” өсүү орду болуп эсептелет.
Муниципалдык менчик объектилерин каттоодон өткөрүү, кыймылсыз мүлк объектилеринин, анын ичинде муниципалдык менчиктин бирдиктүү маалыматтык тармагын түзүү ишкерлик субъекттери менен потенциалдуу инвесторлорго маалымат базасына эркин кирүүлөрүнө мүмкүндүк берип, муниципалдык менчикти башкаруу жана пайдаланууга көзөмөл жүргүзүү, ошондой эле натыйжалуу башкаруу маселелеринин ачыктыгы камсыздалат эле. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө таасир берүүчү жер фондуна салык салуунун бир катар маселелери чечилет.
Ишти кайталап аткарууну жокко чыгаруу менен мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн милдеттүү ишмердүүлүгүн так чектөөнү камсыз кылууга жетишүүбүз зарыл.
Муниципалитеттин ишиндеги тактык жана бир калыптуулук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомчулуктун алдындагы баркын көтөрүүгө тийиш. Дагы бир маанилүү маселе бул кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу, аткаруучулук тартипти күчөтүү жана өткөрүлүп жаткан иштер менен иш-чаралардын ачыктыгы болуп эсептелет.
2019-жылда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү Программасындагы негизги жоболор шаардын коомчулугунун алдыдагы мезгилге башкы багыттары болуп эсептелет. Ал эми аларды толук көлөмдө ишке ашыруу шаардын баардык калкынын, ишкерлер чөйрөсү менен бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдар менен жарандык бирикмелердин, ишканалар менен уюмдардын активдүү катышуусундагы шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун негизги милдети.

I БӨЛҮК
ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ

ӨНӨР ЖАЙЫ
2018-жылдын жыйынтыктары боюнча шаарда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 5395,0 млн. сомду, же номиналдык өсүү темпи 89,9 % түздү. Бул өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 604,0 миң сомго аз.
2018-жылдын отчеттук мезгилинин жыйынтыктары боюнча физикалык көлөмдүн индекси 90,1 пунктту түздү.

2018-жылы токтоп турган жаңы кубаттуулуктарды ишке кийирүүнүн алкагында «Каз-Грейн» ЖЧКсында макарон өндүрүү комплекси ишке киргизилди. Ага китлап менен кукси, «жайма» жана «уя» аталышындагы узун кесилген макарон азыктары (Italpast) кирет. Өндүрүштүк линиянын кубаттуулугу айына 600 тонна китлап, 600 тонна кукси чыгаруу. Ал эми «жайма» жана «уя» аталышындагы узун кесилген макарон азыктарын чыгаруунун өндүрүштүк кубаттуулугу айына 200 тонна. Капиталдык салымдардын көлөмү Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун насыялык каражатынын 5 740,8 миллион АКШ долларын түзгөн. Натыйжада 50 жаңы жумушчу орундары түзүлгөн. Макарон комплексинин ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Д.Абдраимов жана башка мамлекеттик түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышкан. Ал жөнүндө маалымат УТРК, СТВ телеканалдары аркылуу көрсөтүлүп, массалык маалымат каражаттарында чагылдырылган.
Ошондой эле “Вива-Текс” ЖЧКсында өндүрүштү модернизациялоо өткөрүлүп, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун насыялык каражатынын 1 миллион 100 миң АКШ долларына немец өндүрүшүнүн “Stoll” фирмасынын заманбап жиптен тордоочу машиналары сатылып алынган. Ишканага Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Д.Абдраимов келип көрүшкөн.
“Элит-Гласс” ЖЧКсынын өндүрүшүн модернизациялоо максатында KISB банкынын 350,0 миң АКШ доллары, же 29,8 миллион сом суммасындагы насыялык каражатына жабдуулар сатылып алынган жана жаңы машина линиясы чогултулган. Натыйжада чыгарылган продукциянын (айнек идиштери) ассортименти кеңейтилген жана өндүрүлгөн продукциянын сапаты жогорулаган.
Токтоп турган ишканаларды ишке кийирүү боюнча иш-чаралардын алкагында токтоп турган «СССР АС» ЖЧКны ишке кийирүү боюнча 2017-жылдын 1-декабрында «СССР» ТОО менен «СССР-АС» ЖЧКсы сүт заводунун баардык мүлк комплексин сүт азыктарын өндүрө турган «Етрея Фуд» компаниясына ижарага өткөрүп берилген. Бирок, ишкананы ишке киргизүү иштери аны сатып алуу максатында токтотулуп, азыркы мезгилге чейин күрөө кармоочу казахстандык “Банк Центр Кредит” ААК менен маселе чечилбей келе жатат.
Үстүбүздөгү жылы күрөө кармоочу казахстандык “Банк Центр Кредит” ААК тарабынан сатуу чечими кабыл алынып, ишкана ишке киргизилет деп ишенебиз.
“Токмоктогу керамикалык дубал материалдар заводу” ачык акционердик коому боюнча потенциалдуу инвесторлорду издөө улантыла бермекчи.
Көп жылдардан бери шаардын өнөр жай продкукциясынын көлөмүнө белгилүү салымын кошуу менен “Железобетон” ААК, “Береке”, “Заман”, “Курманов жана К” ЖЧКлары, “Картон”АК сыяктуу чакан жана орто ишканалар туруктуу иштеп келе жатышат.
Айлантуучу каражаттардын жоктугуна байланыштуу «Консерва заводу» ЖЧКсы менен «Токмок Плодоовощ» ЖЧКсы 2018-жылы иштеген эмес. «Токмок Плодоовощ» ЖЧКсына жеңилдетилген насыя бөлүү маселеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн деңгээлинде каралууда. Маселе оң жагына чечилип калса өнөр жай чөйрөсү дагы бир маанилүү стратегиялык объктиге толукталмакчы.
2019-жылдын алдыдагы отчеттук мезгилинде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн 101,1 % өсүү ыргагында 5,4 миллиард сом деңгээлине жеткирүү пландалууда.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында «Токмок Плодоовощ» ЖЧКсын жандандыруу жана модернизациялоо үчүн жеңилдетилген насыя бөлүү жөнүндө расмий өтүнүү;
-«СССР-АС» ЖЧКсын ишке киргизүүгө колдон келген көмөк көрсөтүү;
-Токтоп турган “Токмоктогу керамикалык дубал материалдар заводу” ачык акционердик коомун ишке киргизүү боюнча потенциалдуу инвесторлорду издөөнү улантуу;
-өнөр жай ишканаларынын жетекчилери тарабынан өндүрүштүн көлөмүнүн өсүү темпин камсыздоо боюнча, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн технологиялык жабдууларды модернизациялоо жана өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркын төмөндөтүү, өндүрүштү диверсификациялоо боюнча максаттуу иштерди улантуу жана жаңы сатуу рынокторун издөө боюнча маселелерди кароо.

КУРУЛУШ
2018-жылы капиталдык салымдардын көлөмү шаар боюнча былтыркы жылы 1135,9 млн. сом болсо, 924,5 миллион сом болгон, же 211,4 миллион сомго арбын жана өсүү ыргагы 122,8% түзгөн. Шаарда жаңы курулуш объектилеринин саны өсүүдө, анын ичинде “Глобус” супермаркети (Мегаситинин артында), Дубовицкий көчөсүндөгү 5 кабаттуу, 40 батирлүү үй, “Бону” кафесинин реконструкцияланышы жана кошумча курулуштары, ошондой эле бир катар кафе менен дүкөндөрдүн курулуштары.
Отчеттук мезгилде жалпы аянты 10,4 миң ч.м. болгон 80 жеке турак үйлөр пайдаланууга берилсе, өткөн жылы жалпы аянты 11,4 миң ч.м. болгон 102 жеке турак үйлөр пайдаланууга берилген. Өсүү ыргагы 91,4 % түздү.
“Бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн тез тургузулуучу каркастык жеке турак үйлөрдү куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн Парковая көчөсүндө 36 батирлүү 9 турак үй пайдаланууга берилген. Калган 5 үйдүн 2 үйүнүн курулушу улантылып, 3 үйдүн курулушун каржылоо маселеси чечилген. Турак-жай-курулуш кооперативинин Мамлекеттик ипотекалык компания менен насыя каражаттарын берүү боюнча келишими бар.
2018-жылы Турак-жай-курулуш кооперативинин күчү менен 240,0 миң сом суммасындагы каражатка 1 километр жолго шагыл төгүлгөн.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
Шаардын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө капиталдык салымдардын көлөмүн көбөйтүү боюнча чараларды кабыл алуу.
-курулуп жаткан жалпы аянты 4368 ч.м. болгон, 14 үйдөн турган 56 батирлүү “Социум” коттедждик шаарчасындагы 3 үйдүн курулушунун аякталышына жана пайдаланууга берилишине көмөк көрсөтүү.
-Муниципалдык менчик башкармалыгы менен электр мамыларын коммуналдык менчикке өткөрүп берүү боюнча маселени чечүү.

УНАА
Шаардын унаа уюмдары жана жеке ишкерлер тарабынан 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 850 миң тонна жүк ташылды (2017-жылы – 847,5 миң тонна), же өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 миң тонна жүк арбын ташылган (100,2 %).
Жүк айлануу 17,0 млн.тн/км (2017-жылы – 16,9 млн. тн/км), же өткөн жылга салыштырмалуу 50 тн/км арбын (100,2 %).
Жүргүнчүлөрдү ташуу 110,0 млн. жүрг./км түздү (2017-жылы – 109,2 млн. жүрг./км), же өткөн жылга салыштырмалуу 858,9 миң жүрг./км арбын (100,7 %).
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-жеке жеңил жана жүк ташуучу таксилерди патенттөөнү толук камтууга өбөлгө болуучу натыйжалуу чараларды кабыл алуу;
-каттам таксилеринин айдоочуларынын пенсионерлер жана жеңилдик алуучу категориядагы жарандарды тейлөө маданиятын жакшыртуу боюнча иштерди улантуу.

БАЙЛАНЫШ
Шаардын байланышчылары тарабынан 2018-жылы 35,6 млн. сом тарифтик кирешелер алынды (2017-жылы-35,5 млн. сом), же өткөн жылга салыштырмалуу 0,1 миң сомго арбын. Өсүү ыргагы 98,8% түзгөн. Акы төлөнүүчү кызматтардын көлөмү 25,1 млн. сомду түзүп (2017-жылы-25,0 млн. сом), же өткөн жылга салыштырмалуу 0,4 миң сомго арбын, же 101,4%.
Отчеттук мезгилдин ичинде сандык байланыштын 542 телефон аппараты коюлду. Интернет тейлөөлөрүнө 782 абонент кошулган.
Абоненттерди МSAN-348 менен МSAN-313 көчмө станцияларына которуу иштери аяктады.
“Кант заводу” долбоору боюнча Жантаев жана Дзержинский көчөлөрүнүн кесилишинде МSAN-362 көчмө станциясы орнотулду.
“Борбор” долбоору боюнча АТСК-2 абоненттерин ЦАТС МSAN-328 көчмө станциясына которуу иштери аяктады.
БТА банк, Бакай-Банк, “Комфорт” ЖЧКсы, “Ырайым” кайрымдуулук фонду, прокуратура, Токмок шаардык ИИБ айнек-жип (оптико-волоконный) кабелине туташтырылды.
ЦАТС-51 станциясын МSAN-600 жаңы станциясына которуу иштери аяктады.
Аскер бөлүктөрүн, аскер комиссариатын, шаардагы жаңы конуш менен ага танапташ көчөлөрдүн жашоочуларын МSAN-392 станциясына которуу иштери аяктады.
39,24 км. узундуктагы кабелдик байланыш линияларын 202,5 миң сомго капиталдык ремонт жана 35,8 км. узундуктагы кабелдик байланыш линияларын 184,8 миң сомго учурдагы оңдоолор жасалган.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-айнек-була (оптико-волоконный) кабели боюнча “Мектептерди интернеттештирүү” долбоорун ишке ашыруу;
-буланы үйгө принциби боюнча “Үйлөргө таандык тармак” долбоорун ишке ашырууну улантуу;
-шаар тургундары менен жаштарды Интернет тейлөөгө мүмкүндүгүн жакшыртуу үчүн борбордук аянтта акысыз “Wi -Fiга” кошуунун 2, же 3 точкасын уюштуруу маселесин кароо;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык уюмдарды, ишканаларды жана шаардык кызматтарды санариптештирүүгө толук көмөк көрсөтүү.

СООДА ЖАНА КЫЗМАТТАР
2018-жылдын жыйынтыгы боюнча чекене товар жүгүртүү 5132,4 млн. сомду түздү (2017-жылы – 5173,8 млн. сом), өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы 98,0 % түздү.

Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн көлөмү 461,7 млн. сомду (2017-жылы – 456,6 млн. сом) түзүп, бул өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 5,1 млн. сомго арбын. Иш жүзүндө баалардын өсүү ыргагы 101,1 % түздү.

Иштеп жаткан базарларда сатуучуларга жана сатып алуучуларга абдан ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн чоң иштер аткарылууда.
Токмок шаардык мэриясынын 2017-жылдын 17-апрелиндеги №72-б буюрмасынын жана Токмок шаардык мэриясынын кызматкерлери менен өткөрүлгөн аппараттык кеңешмеде берилген протоколдук тапшырмалардын негизинде Токмок шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаардык түзүмдүк кызматтардын кызматкерлери менен биргеликте борбордук “Булак” базарынын аймагында белгиленбеген жерлерде башаламан сооданы жоюу боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн. Өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мыйзамсыз орнотулган объектилер бузулган:
1. Соода чатырлары – 35;
2. Нан азыктарын саткан 12 жай;
3. Жашылча-жемиш саткан 27 жай;
4. 13 тандыр курулмалары;
5. Тиешелүү протоколдору жана актылары түзүлүү менен штрафтык токтотуучу жайга 14 авто унаалар жеткирилген.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:    
-башаламан соода жүргүзүүнү жоюу жана мыйзамдуулуктун сакталышына туруктуу көзөмөлдүк жүргүзүү боюнча ишти улантуу;
-иштеп жаткан базарларды ыңгайлаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү улантуу.
-соода чөйрөсүндө, керектөөчүлөрдүн базарынын жана көрсөтүлүүчү тейлөөлөрдү мамлекеттик-укуктук жөнгө салуунун сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүүнү улантуу.

ИШКЕРДҮҮЛҮК
2018-жылы ЧОБдун субъектилеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1758,2 млн. сомду түздү (2017-жылы – 2407,1 млн. сом), бул мурунку жылдагыдан 648,9млн. сомго аз. Өсүү ыргагы мурунку жылга салыштырмалуу 73,0 % түздү.
Отчеттук мезгилде ЧОБдун 19 объектиси колдонууга берилди (2017-жылы -46), бул 27 объектиге аз жана 66 жаңы жумуш орундары түзүлдү.
Ишкерлерди окутуу, бизнести түзүүгө жана жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү максатында төмөндөгүдөй темаларда конференциялар өткөрүлгөн:
-“ККМди техникалык тескөөнүн online тармагы” (КР Каржы министрлиги);
-“Күнөскана бизнесинин өнүгүүсү” (КР Экономика министрлиги);
-“Бажы союзундагы техникалык тескөө тармагы” (КР Экономика министрлиги);
-“Жыгач алуу үчүн тез өсүүчү бак: половния” (КР Экономика министрлиги);
-“Тамчылатып сугарууну уюштуруу” (КР Экономика министрлиги).
-“Кепилдик фонд” ААК тарабынан чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү үчүн тегерек столу өткөрүлгөн.
2018-жылы пайдалануучулардын укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу боюнча 4 арыз каралып, баардыгы оң чечилген.
2018-жылы 1126,3 миң сом суммасындагы чакан насыялар (10798 адам) берилген. Мурдагы жылы бул көрсөткүч 1281,5 миң сомду (10347 адам) түзгөн.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:    
-чакан жана орто бизнестин жаңы субъектилерин түзүү жана аларга көмөк көрсөтүү боюнча ишти улантуу;
-Токмок шаарынын Ишкерлер биримдиги менен Жаш ишекерлер ассоциациясынын бизнес түзүү жана жүргүзүү маселесин колдоо жана кеңеш берүү, окутуу маселеси кирген семинарларды, конференцияларды өткөрүү жана уюштуруу боюнча иштерди улантуу;
-керектөөчүлөрдүн укуктарын толук көлөмдө камсыздоо боюнча иш-чараларды улантуу.

ЭКСПОРТ-ИМПОРТ
2018-жылдын январь-ноябрь айында Токмок шаарынын тышкы соода жүгүртүүсү 72,7 млн. АКШ долларын түздү, бул өткөн жылдагыдан 1,5 млн. АКШ долларына арбын. Импорттун көлөмү -АКШнын 41,1 млн. долларын (2017-жылы – 40,9),  экспорттун көлөмү АКШнын 31,6 млн. долларын (2017-жылы – 30,3), түздү.
Отчеттук мезгилдин ичинде тышкы соода жүгүртүүнүн терс сальдосу  АКШнын 9,5 млн. долларын түздү.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, жергиликтүү чийки заттарды (сырье) жана материалдык ресурстарды колдонуу менен иштеп жаткан экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу  ишканаларды чыңдоо жана колдоо боюнча иштерди улантуу.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН АТКАРЫЛЫШЫ
2018-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджет 101,1 % аткарылды, план боюнча 412,8 млн.сом болсо, иш жүзүндө 417,3 млн.сом чогултулуп пландан тышкары 4,4 млн.сом түшкөн.
Анын ичинен республикалык бюджет 101,2 % аткарылып, план боюнча 260,7 млн. сом болсо, иш жүзүндө 263,8 млн. сом чогултулуп, пландан тышкары 3,1 миллион сом түшкөн. Ал эми жергиликтүү бюджет 100,9 % аткарылып, план боюнча 152,1 млн. сом болсо, иш жүзүндө 153,5 млн. сом чогултулуп, бюджетке 1,4 миллион сом пландан тышкары түшкөн.
2018-жылы алынган расмий трансферттерди жана атайын каражаттарды эсепке алуу менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 104,0 % аткарылды, такталган план боюнча 159,9 млн. сом болсо, иш жүзүндө 166,2 млн. сомду түздү, же бюджетке пландан тышкары 6,3 млн. сом ашыкча түшкөн.
2018-жылы жылы бою көрүлгөн күчөтүлгөн уюштуруу чараларынын натыйжасында жергиликтүү бюджетке 17,8 миллион сом пландан тышкары кошумча түшкөнүн белгилөөгө болот. 2017-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч боюнча план 112,0% аткарылган.
Жалпы мамлекеттик план негизинен төмөнкү салыктардын жана төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча аткарылган жок:
-киреше салыгы 99,1 % же бюджетке 542,6 миң сом түшпөй калган;
-пайда салыгы 77,5 % же бюджетке 2,2 миллион сом түшпөй калган;
-айыл чарбалык эмес багытындагы жер салыгы 95,9%, же бюджетке 479,2 миң сом түшпөй калган;
-сатуудан салык 94,9 % же 1,1 млн. сом түшпөй калган;
-автоунааларды токтотуучу жайлардан жыйым 95,7%, же 27,0 миң сом түшпөй калган;
-жер байлыктарын пайдалануу үчүн лицензия толөмдөрү 28,1%, же 190,8 миң сом түшпөй калган;
-айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу 27,3%, же 1,4 млн. сом түшпөй калган.
Салыктын айрым түрлөрүнүн аткарылбай калышынын себептери:
Киреше салыгы – “ТМКИИЗ” ЖЧКсынын токтоп тургандыгына (жумушчулар акы төлөнбөгөн өргүүдө) байланыштуу, ушундай эле кырдаал “Тексим” ЖЧКсына да тиешелүү. Мындан сырткары 9,1 миллион сомго жогорулатылган план берилген. Ошого карабай откөн жылга салыштырмалуу салык 1,6 миллион сомго арбын түшкөн.
Пайда салыгы – негизги салык төлөөчүлөр “Бока” ЖЧКсынан 4,3 миллион сом, “Кинодистербьютер” ЖЧКсынан 1,2 миллион сом, “Тексим” ЖЧКсынан 2,2 миллион сом аз түшкөндүгүнө байланыштуу. Буга “Бока” ЖЧКсынын көмүрдү аз сатуусу, “Тексим” ЖЧКсында күйүүчү-майлоочу майдын аз сакталышы, ошондой эле “Теплоснабжение” мамлекеттик ишканасынын (“Кыргызжилкоммунсоюз” ишканасынын кайра уюштурулушу) “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасына өткөндүгү боюнча кирешенин жоктугу себеп болгон.
Сатуудан түшкөн салык – “Токмок-Булс” ЖАКнун, “Каз-Грейн” жана “Бока” ЖЧКларынын продукцияларынын аз сатылгандыгына байланыштуу.
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы боюнча ишканалардын (“Интергласс” ЖЧКсы жана “Брент” ЖЧКсы) чоң салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөөчү башкармалыкка (УККН) өткөндүгүнө байланыштуу.
Автоунааларды токтотуучу жайдан алынуучу жыйымдар боюнча Муниципалдык менчик башкармалыгына 26,0 миң сом кем түшкөндүгүнө байланыштуу.
Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди сатуу салыгы жерлерди сатуу боюнча операциялардын жоктугуна байланыштуу.
2019-жылдын 1-январына карата мамлекеттик бюджетке салык жана төлөмдөр боюнча салык калдыгы 11,8 миллион сомду түзгөн, же жыл башынан бери 237,0 миң сомго азайган. Анын ичинде жергиликтүү салыктар боюнча калдык 7,2 миллион сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 157,2 миң сомго азайган.
Төмөнкү салыктар боюнча калдыктар бар: киреше салыгы – 1288,9 миң сом, короо-жай тилкесине жер салыгы – 2205,6 миң сом, унаа каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык – 2789,7 миң сом, айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы – 382,0 миң сом мүлк салыгы – 302,8 миң сом, сатыктан алынуучу салык – 268,7 миң сом.
Отчеттук мезгилде көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү максатында Токмок шаары боюнча МСКБ менен биргелешип 1359 рейддер жүргүзүлүп, 663 бузуулар, анын ичинде 185 ЧОБ субъектери аныкталып, уруксат документтери жок иштеген, патенттеринин мөөнөтү өтүп кеткендери 141, кассалык машинасы жоктор 32, кассалык машинаны колдонбогондор 282. Жогоруда көрсөтүлгөн бузуулар боюнча 932,0 миң сом суммасында айыптар салынып, анын 109,5 миң сому өндүрүлгөн. Токмок шаары боюнча бүтүндөй алганда 190 салык төлөөчүлөр “Онлайн” тармагынан пайдаланышат.
Ошондой эле бюджетке салык төлөмдөрүн төлөөгө шарт түзүү жана тездетүү максатында шаар боюнча 33 банкомат жана 113 төлөм терминалдары, 33 терминал посттору орнотулган.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү расмий алынган трансферттерди жана атайын каражаттарды эсепке алуу менен 96,3% аткарылды, же такталган пландагы 229,7 млн. сомдун ордуна, иш жүзүндө 221,3 млн. сом сарпталган, анын ичинде:
-атайын каражаттар-97,1% аткарылды же такталган пландагы 20,2 млн.сомдун ордуна, иш жүзүндө 19,6 млн.сом сарпталган;
-бюджеттик каражаттар 96,3% өздөштүрүлгөн, же такталган пландагы 209,5 млн. сомдун ордуна иш жүзүндө 201,7 млн. сом сарпталган.
Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоого (эмгек акы, соц.фондго төлөмдөр, тамактанууга, стипендия) жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан калкка социалдык жардам көрсөтүүгө 53,3 млн.сом же 26,5 % каржыланган. Коммуналдык тейлөөлөрдү каржылоого (сууга, электр энергиясына, жылуулук энергиясына, байланыш тейлөөлөрүнө төлөмдөр) 71,3 млн. сом багытталган, же жалпы чыгымдардын 35,4% жиберилген, чыгашалардын башка беренелерине 77,0 млн. сом же 38,2% (анын ичинде пайдаланылган газ үчүн 38,0 млн. сом “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун алдындагы карыздары).
2019-жылдын 20-январына карата шаардын бюджеттик мекемелеринин насыялык карыздары 9,8 млн.сомду түздү, анын ичинде:
-коммуналдык тейлөөлөргө – 8,2 млн.сом (анын ичинде жылуулук энергиясына -3,3 млн. сом);
-башка чыгашаларга-1,5 миң сом.
Мындан тышкары “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасына пайдаланылган электр энергиясы үчүн субсидиялар боюнча республикалык бюджеттин карыздары 12,2 миллион сомду түзөт.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-ай сайын мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнүн жыйымдарынын планынын аткарылышын камсыздоо;
-салык калдыктарынын өсүшүнө жол бербөө жана алардын кийинки төмөндөшүн камсыздоо боюнча толук чараларды көрүү;
-бюджеттик уюмдардын насыялык карыздарын кыскартуу боюнча, биринчи кезекте чыгашалардын корголгон беренелери боюнча туруктуу негизде зарыл чаралардын кабыл алынуусу;
-шаарда рейддерди жүргүзүү менен көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштерди улантуу;
-салык төлөөчүлөдүн электрондук тейлөөнү пайдалануу процедураларынын чөйрөсүн кеңейтүү жана ыңгайлаштыруу боюнча салык кызматын өркүндөтүү;
-“Он-лайн” режиминде кассалык машиналарды жана маалымат берүү милдетин кийирүү;
-акысыз негизде Мамлекеттик салык кызматынын Веб-сайты аркылуу электрондук форматта салык төлөөчүлөрдүн салык отчетторун берүүлөрүн жөнөкөйлөтүүнү кийирүү.

II БӨЛҮМ

СОЦИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ

КИРЕШЕЛЕР ЖАНА КАЛКТЫ ИШКЕ ОРНОШТУРУУ
Шаардагы эмгек акынын орточо айлыгы 2018-жылдын январь-ноябрь айлары боюнча 13077,4 сомду түздү, мында номиналдык өсүү ыргагы 105,3 % түздү.
2019-жылдын 1-январына карата Токмок шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында жумушсуз 141 адам катталган, бул 79 адамга аз (2017-жылы-220 адам).
Жылдын башынан тартып менчигинин түрүнө карабастан жумуш берүүчүлөрдөн 281 жумушчу адистиктер боюнча 227 бош жумуш орундары келип түшкөн.
Отчеттук мезгилде 289 адам жумушка орноштурулду (2017-жылы-451 адам). Коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 32 адам (2017-жылы-35 адам), кесиптик окууга 41 адам (2016-жылы-56 адам) багытталган.
Окутуу үч тараптуу келишимге ылайык: GIZ, ТИПК жана №23 кесиптик лицейлеринин ортолорунда жүргүзүлөт.. Окутуу төмөнкү адистиктер боюнча жүргүзүлөт: газоэлектроширетүүчү – 6 адам, токарь – 1, , чач тарач – 17 адам, бычмачы – 9 адам, IT адиси – 5 адам, ашпозчу – 3 адам. Жумушсуздук боюнча жөлөк пул төлөнгөн эмес.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-кадрлардын жетишсиздик көйгөйлөрүн жоюу жана багытын алмаштыруу боюнча иштер керектүү сандагы адистерди окутууга тапшырыктарды аткаруу аркылуу жаңы ишканаларды ачууну эсепке алуу менен улантуу;
-жумушсуз адамдарды максималдуу ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү.

КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК КОЛДОО
Токмок шаары боюнча мамлекеттик жөлөк пул алуучулар 1340 адамды түзөт (2017-жылы -1447 адам). 2018-жылы республикалык бюджеттен төмөнкүдөй каржыланды:
-мамлекеттик жөлөк пул 39,1 млн. сом суммасына;
-акчалай компенсациялар 11,1 млн. сом суммасына.
Жөлөк пул жана акчалай компенсацияларды төлөө боюнча карыздар жок.
Отчеттук мезгилде 5502 жеңилдик алуучу категориядагы жарандардын жана аз камсыз болгон калк катмарларын жергиликтүү бюджеттен каржылоонун көлөмү 3290,2 миң сомду түзүп, бул өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 1101 адамга жана 756,1 миң сомго көп (2017-жылы-4401 адам/2534,1 миң сом). Анын ичинде:
-жол киреге – 645,1 миң сом;
-көмүргө-484,8 миң сом;
-социалдык стипендия -704,8 миң сом;
-мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын дарыларына 111,6 сом;
-мүмкүнчүлүгү чектелгендерге материалдык жардамдар 229,2 миң сом ж.б.
-сөөк коюуга – 85,0 миң сом;
-арыздар боюнча материалдык жардам – 387,0 миң сом;
-жоокер интернационалисттерге, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери менен оорукта эмгектенгендерге, Чернобыль, Баткен, апрель, июнь окуяларына катышкандарга 225,5 миң сом.
Социалдык мейманкананын тейлөөсүнөн 15 адам, жайсыз адамдар үчүн “Түнөк” социалдык жардам борборунун тейлөөсүнөн 71 адам колдонду.
2018-жылы Токмок шаары боюнча 1913 үй-бүлөгө социалдык паспорттору толтурулган. Жакырчылык деңгээли 9,3% түздү, төмөндөө 1,4% деп белгиленди (2017-жылы-10,7%). Жакырчылыктын чегинен 235 үй-бүлө/814 адам чыгарылды, же 1,34% (2017-жылы-111 үй-бүлө), же 124 үй-бүлөгө/ 644 адамга көп.
2018-жылдын 1-январына карата ата-энесинин кароосуз калган 64 бала аныкталган, анын ичинде республикалык адистештирилген балдар үйүндө -51, “Бейкут үйүндө”-13.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-муктаж болгондорго мамлекеттен жеңилдетилген баалар боюнча бөлүнүп жаткан биринчи керектелүүчү азыктарды даректүү жеткирүүнү кошуу менен көрсөтүлүп жаткан жеңилдиктер менен тейлөөлөрдүн формасын, түрүн жана сапатын кеңейтүү боюнча иштерди улантуу;
-өтө зарыл болгон жарандарга жана калктын аз камсыз болгон катмарына демөөрчүлүк жардамдарды тартуу боюнча ишти күчөтүү;
-мамлекеттик жөлөк пулдарды, жеңилдиктерди жана компенсациялардын өз учурунда төлөнүшүн камсыз кылуу;
-Социалдык өнүгүү башкармалыгында акчалай компенсация алуучулардын эсебинде тургандарды банктын карталык тармагына өткөрүү иштерин улантуу.

ПЕНСИЯЛЫК КАМСЫЗДОО
2018-жылы 437,3 млн. сом суммасында камсыздандыруу төлөмү чогулду, планда 437,9 млн. сом болсо, аткаруу 99,9 % түздү.
Социалдык фонддун башкармалыгы алдындагы камсыздандыруу төлөмү боюнча карыздар 2019–жылдын 1-январына карата 116,9 млн. сомду түздү.
Анын ичинде банкрот ишканаларынын карыздары –106,3 млн. сом, чарбалык субъекттер -10,3 млн.сом жана кайтарылбас карыздар-2,3 млн. сом. Карыздардын төмөндөшү жыл башынан бери 21,6 млн.сомду түздү.

Отчеттук мезгилде камсыздандыруу төгүмү боюнча карыздарды кайтаруу максатында 11931,4 миң сомго 367 билдирме жиберилип, 1660,7 миң сом өндүрүлгөн. Сотко 104 жеке ишкерлер берилип, алардан 1261,4 миң сом өндүрүлүшү керек болсо, 339,5 миң сом өндүрүлгөн.
Шаарда 6647 пенсионерлер жашайт, бир айлык пенсия менен толук камсыздоо үчүн 39,1 млн. сом талап кылынат.
2018-жылы пенсияны төлөөгө 382,1 млн.сом каржыланган (2017-жылы-374,7 млн.сом). Пенсиянын орточо өлчөмү 5728 сомду түзөт. Пенсияны төлөп берүү боюнча карыздар жок.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-камсыздандыруу төлөмүн жана төлөмдөрдү толук көлөмдө чогултуунун пландуу көрсөткүчтөрүн аткарууну камсыздоо;
-пенсияны өз убагында жана толук көлөмдө төлөп берүүнү камсыздоо боюнча иштерди улантуу;
-камсыздандыруу төлөмүн жана төлөмдөрдүн карыздарын  кыскартуу боюнча иштерди күчөтүү.

САЛАМАТТЫК САКТОО
2018-жылы 9246 адам ооруканага жаткырылган, бул мурунку жылга салыштырмалуу 49 адамга аздык кылат, алардын ичинен жеңилдиктери бар адамдардын саны 5942, бул 64,3% түздү.
2018-жылы демографиялык кырдаал төмөндөгүдөй: жалпы өлүм коэффициенти 0,7 % азайган, же отчеттук мезгилде 383 адам болсо, мурунку жылы 416 адам болгон, ымыркайлардын өлүмү 4,3% түзүп, жыл ичинде 16 бала чарчап калса, мурунку жылы 21 бала чарчап калган. Кургак учук 13,5% түзүп, жыл ичинде 79 адам болсо, мурунку жылы 84 адам ооруга кабылган. Баңгилик 2,1% кыскарган. Сифилис оорусуна 4 адам кабылса (былтыр 5 адам), бруцеллез оорусу мурунку жылдын абалында калган (3 адам).
Калктын табигый өсүшү 2,0 % көбөйгөн, же 1168 адам болсо, мурунку жылы 980 адам болгон. Ымыркайлардын төрөлүшү 0,6%, өнөкөт алкоголизм 19,9% жана коркунучтуу шишиктер 30,9% өскөн.
Наристелердин өлүмүн негизги себептери перинаталдык патологиялар болууда.
Ай сайын, ҮБМБнын дарыгерлери тарабынан энелердин өлүмүнө жол бербөө жана наристелердин өлүмүн кыскартуу боюнча талдоолор жүргүзүлөт. Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда алдын алуучу иштер күчөтүлүп, дарыгерлер менен медайымдардын квлификациясын жогорулатуу өткөрүлүп турат. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тарабынан энеликтин коопсуздугу жана үй-бүлөнү пландоо маселелери боюнча аялдар арасындагы маалымдуулукту жогорулатуу иштери жүргүзүлүп турат.
Санитардык эпидемиологиялык абал отчеттук мезгилде төмөнкү көрсөткүчтөр менен белгиленген.
Шаарда кургак учук менен 80 оорулуу катталган. Кургак учук менен калктын ооругандары 100,0 миң адамга 126,5 көрсөткүчтү түзгөн, ал эми мурунку жылга салыштырмалуу көрсөткүч 139,2 болгон.
Жаңы төрөлгөн наристелерди эмдөөгө жана туберкулинди аныктоого көп көңүл бурулууда. Отчеттук мезгилдин ичинде эмдөөгө 1793 бала тартылган.
Оорулар түзүмүндө дем алуу ичеги оорусу 1-орунда турат.
2018-жылы сасык тумоо оорусу менен 9 окуя катталган, мурунку жылы 45 окуя катталган. Жугуштуу ичеги оорусунун 507 окуясы катталып, бул мурунку жылга салыштырмалуу 29 окуяга көп.
2018-жылы 882 объектилерди текшерүү рейддери жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинен 95 буйруктар алынган. 2116 лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, анын ичинен 365 сыноо талаптарга жооп бербейт, же 17,2%. Аныкталган бузуулар боюнча 159 буюрмалар берилип, 37 жаза пул катталып, ал 87,0 миң сомду түзгөн. 231 объектиге эскертүү, 22 объектинин ишин токтотуп туруу боюнча токтомдор кабыл алынган. Медициналык кароодон өтпөгөндүгүнө байланыштуу 114 адам жумуштан четтетилип, 3 иш укук коргоо органдарына берилген. Санитардык-агартуу иштери боюнча 78 лекция окулду, 1200 сүйлөшүүлөр өткөрүлдү, 12 семинардык окуулар өткөрүлүп, “Меним шаарым Токмок” газетасында 8 макала чыгарылган.
Токмок аймактык ооруканасынын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын колдоо үчүн учурдагы оңдоолор 4319,6 миң сомго жасалган. Турция өкмөтүнүн “ТИКО” гранттык программасы боюнча 5,2 миллон сом суммасына, же 82,0 миң АКШ долларына инвесторлор тарабынан кардиологиялык бөлүм капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жандандыруу бөлүмүнүн кире беришиндеги веранда менен медициналык калдыктарды жок кылуучу имаратты оңдоо иштери аяктаган.
Медициналык документтерди электрондук жүргүзүүнү кийирүү аяктаган.
Токмок шаардык ҮБМБнун №1, №3, №4 ҮБДТ жайгашкан имараттарын, хирургиялык, эмдөөчү бөлүмдөрүн жана лабораторияны 809,7 миң сомго капиталдык оңдоолор жүргүзүлүп, 627,5 миң сом суммасына поликлиниканын дубалы алмаштырылып, брусчатка төшөлгөн.
386,3 миң сомго эмеректер, 1730,7 миң сомго дары-дармектер, 359,9 миң сомго компьютердик жабдуулар, 35,5 миң сомго кенже кызматчылар үчүн атайн кийимдер алынган.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-калкка сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүү жана  жугуштуу оорулардын алдын алуу, медперсоналдын кадрдык курамын бекемдөө жана колдоо, ошондой эле медициналык мекемелердин жабдылышын жана ыңгайлаштырылуусун жогорулатуу боюнча иштерди улантуу;
-мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү;
-саламаттык сактоо мекемелеринде жемкорлукка каршы аракеттер боюнча чараларды күчөтүү;
-саламаттык сактоо объектилеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында гранттарды жана демөөрчүлүк жардамдарды тартуу боюнча иштерди жандандыруу.

БИЛИМ БЕРҮҮ
2017-2018-окуу жылынын башталышына Токмок шаарынын 13 мектептеринин 502 комплектелген класстарында жалпысынан 15363 окуучу бар.
2017-2018-окуу жылын шаардын баардык мектептери 100% жетишүү (успеваемость) менен аяктап, 865 окуучу мыкты окугандар, 3779 окуучу жакшы окугандар деп аныкталды.
Билимдин сапаты (4-чейректин жыйынтыгы боюнча) 35,8 % түздү. Билим сапатынын өсүүсү 2,7% түзгөн. Педагогикалык кадрлар менен камсыздоо 80,0 % түздү. Англис тили, математика, орус жана мамлекеттик тила боюнча 12 мугалимге талап бар.
2018-жылы жалпы билим берүүчү төмөнкү мектептердин капиталдык ремонту 1 122,9 миң сомго республикалык бюджеттин эсебинен жасалган.
Түрткү берүүчү гранттардын эсебинен капиталдык оңдоолор жүргүзүлдү:
-№13 толук эмес орто мектебинин чатырын алмаштыруу 2140,0 миң сомго;
-№6 орто мектебин капиталдык оңдоо 23,0 млн. сомго;
-жергиликтүү бюджеттин эсебинен №4 мектепке чейинки билим берүү уюмунда 165,6 миң сомго көмүр кампасынын курулушу;
-№7 орто мектебинде канализация тармагын оңдоо 35,0 миң сомго;
-№5 орто мектебинде жылуулук тармактарынын айрым жерлерин оңдоо 334,8 миң сомго.
2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин жана А.С.Пушкин атындагы №1 орто мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрү «Алтын тамга» тестирлөөсүнүн жыйынтыктары боюнча дипломдорду жана сертификаттарды алышкан.
2018-жылдын 26-мартында “Ала-Арча” резиденциясында Премьер-министр С.Исаков менен Билим берүү министри Г.Кудайбердиеванын катышуусунда олимпиаданын жабылуу аземи өткөрүлүп, анда финалдык этаптын жеңүүчүлөрү менен сыйлык орундарын ээлегендерди сыйлоо өткөрүлгөн. Ээлеген орундарына ылайык дипломдор, белек сертификаттары менен катар 8 миң сом тапшырылган. 4-орунду ээлеген Даруда Максимге грамота менен 2 миң сомго сертификат тапшырылган.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы дагы окууну бүтүргөндөрдүн жогорку окуу жайларында окуулары үчүн сапаттуу окуунун жана даярдыктын көрсөткүчү болуп эсептелет.
Токмок шаары боюнча 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 577 түзсө, алардын 438и жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан. 110 баллга чейин 157, 110дон150 баллга чейин 177, 150 баллдан 200 баллга чейин 99, 200 баллдан жогору 5 окуучу алышкан. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча билим сапаты 84,6% болгон. Анда жакшы натыйжаларды №1 орто-мектеп гимназиясынын, №11 орто мектеп-лицейинин, №7, №9, №2 орто мектептеринин жана Токмоктогу Ж.Баласагын атындагы лицейдин окуучулары көрсөтө алышты.
2017-2018-окуу жылында 31 байгелүү орунду ээлеп, республикалык Олимпиадага катышкандар 5 байгелүү орундарды жеңип алышкан.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-билим берүү мекемелеринде окутуу-тарбиялоо процесстеринин жүрүшүнө, укук бузуулардын алдын алуу, педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу, санитардык-гигиеналык абалын сактоо иштерине дайыма көзөмөл жүргүзүүнү ж.б. камсыздоо;
-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү;
-окуучулардын билим сапатын жаңы инновациялык ыкмаларды кийирүү аркылуу жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү;
-ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн билим берүүнүн жүрүшүндөгү инклюзивдик окутууну жана ага шарттарды түзүүнү өнүктүрүү;
-жеке мамиле жана жарандык активдүү позицияны өнүктүрүү аркылуу чыгармачыл инсанды тарбиялоо;
-шаардын билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иштерди улантуу.
Токмок шаарынын 2018-жылдагы социалдык өнүгүүсүнүн негизги индикаторлору

МАДАНИЯТ
2018-жылы 150 пландаштырылган иш-чаралар өткөрүлдү, анын ичинде 30у чоң иш-чаралар.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Региондорду өнүктүрүү жылы” баннерлери илинип, шаардын китепкана-филиалдарында китеп көргөзмөлөрү, оозеки журналдар, стенддер жасалгаланган.
Пландуу түрдө адептик-патриоттук мүнөздөгү аңгемелешүүлөр төмөнкү темалар боюнча өткөрүлгөн: Афган күнүнө карата “Афган асманынын алдында”, “Мекенди коргоо”, “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”, “По долгу службы, по велению сердца”, Чернобыль апаатына карата “Чтобы не повторилось”, Конституция күнүнө карата “Өлкөнүн башкы мыйзамы жөнүндө”.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2018-жылдагы Иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында шаардын Борбордук китепканасынын китепканачылары тарабынан Ч.Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына Иш-чараларды өткөрүүнүн атайын планы иштелип чыккан.
Баардык китепкана-филиалдарында төмөндөгүдөй китеп көргөзмөлөрү уюштурулган: “Император пера”, “Ч.Айтматов – великий писатель”, “Ты будешь жить в веках”, “Чыгарган кыргыз атагын, Чыңгызым түбөлүк жашайсың”, “Аалам кеменгери, адабият чебери Айтматов”, “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов”. Андан сырткары Ч.Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына массалык иш-чаралар өткөрүлгөн.
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү, Балдар китебинин эл аралык күнү, Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү, Китепканалар күнү, Кыргыз Республикасындагы Энелер күнү, Мамлекеттик тил күнү боюнча иш-чаралар өткөрүлгөн.
Токмок шаарынын Насирдин Байтемиров атындагы Маданият ордосу жаштар жана өсүп келе жаткан муундар менен маданий-эс алуу жана маданий-массалык иштерди алып баруудагы социалдык-маданий борбор болуп эсептелет.
Н.Байтемиров атындагы Маданият ордосунда “Баласагын”, “Бурана-Ак элечек айымдары» фольклордук топтору, “Славянка” ардагерлер хору иштешсе, балдар менен “Жаштык”, “Биримдик” чыгармачылык бий жамааттары иш алып барышат.
2018-жылдын 29-августунан 8-сентябрына чейин Токмок шаарынын Маданият бөлүмүнүн кызматкерлери III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2018-жылдын 2-майындагы №209 токтому менен бекитилген Жобого ылайык Чүй облусунун атынан “Кыргыз боз үйүнүн жалпы жасалгаланышы” сынагына катышуу үчүн “Хан ордого” тигилген көргөзмө боз үйү үчүн жоопкерчиликтүү болгон.
III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөр жаңырыгы” улуттук сынагынын Жобосунда талап кылынган мүнөздөмөгө ылайык боз үйдү, анын ички жасалгаланышын тиешелүү деңгээлде даярдоо боюнча активдүү иштер өткөрүлгөн.
Борбордук китепканада, Маданият ордосунда жана Тарыхый-мекен таануу музейинде маданият мекемелеринин тейлөөсүнөн пайдалануучулар жана ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ар кандай адабияттарды алууга жана Wi-Fi байланышына кирүүгө эркин мүмкүнчүлүктөр бар.
Тематикалык жана китеп көгөзмөлөрү уюштурулуп, ар кандай темадагы семнарлар, диспуттар, аңгемелешүүлөр өткөрүлүп турат.
Бүтүндөй алганда маданият мекемелеринин иши шаардыктардын рухий-адап-ахлактык жана эстетикалык талаптарын канааттандырууга багытталган.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-мазмундуу фестивалдарды, кароо-сынактарды, көргөзмөлөрдү ж.б. иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле жогорку деңгээлдеги кесиптик аткаруучуларды тарбиялоо менен шаардыктардын жалпы көркөм-чыгармачылыгын мындан ары өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу;
-калктын көп санын камтыган кызыкчылыктары боюнча клубдардын, ийримдердин санын көбөйтүү боюнча иштерди улантуу;
-шаардагы өткөрүлүүчү жалпы-маданий жана эс алуу иш-чараларынын сапатын жогорулатуу.

ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТТУ ӨНҮКТҮРҮҮ
2018-жылы Токмок шаардык Дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан бекитилген иш планына жана күн барактык иш планына ылайык белгилүү даталарга жана майрамдарга спорттук-массалык 20 иш-чаралар өткөрүлдү.
2 миңден ашык шаардын тургундары дайыма спорт секцияларында машыгышат. Шаарда спорттун 21 түрү боюнча спорт секциялары иштейт.
Биздин шаардын спортчулары 24 эл аралык, 20 республикалык, 4 облустук мелдештерге жана турнирлерге жана оор атлетика боюнча 3 окутуучу-машыгуу жыйындарына катышты.
2018-жылы Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында шаардын окуучуларынын арасында баскетбол, волейбол, чакан футбол, ошондой эле короолор аралык “Алтын күз” турнири боюнча мелдештер өткөрүлгөн. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында “Биз биргебиз” чакырыгынын алдында шахмат, “Дартс” оюндары боюнча шаардык сынак өткөрүлгөн. Токмок шаарынын мыкты спортчулары Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамында Азия жана Дүйнөлүк чемпионаттарга катышып, байгелүү орундарды ээлешкен. Алардын арасында Эл аралык класстагы чебер, 2018-жылдагы Россия менен Монголиядагы Эл аралык турнирдин чемпиону, 2018-жылдагы Джакарта шаарындагы (Индонезия) Жайкы Азия оюндарынын коло медалынын ээси А.Усеналиев, 2018-жылдагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык турнирлдердин кулатуу эр таймаш боюнча чемпиондору Т.Алымбеков, Б.Рахматуллаев, Н.Нурланов, Н.Кудайбергенов, С.Тааев, Темирбек уулу У., С.Дубов, И.Байсынов, ошондой эле кикбоксинг боюнча Азия чемпиондору А.Бихуров, М.Паншаров, Д.Маслянов, Ш.Кабутовдор бар. Оор атлетика боюнча А.Куйкеев Эл аралык турнирдин, бокс боюнча М.Ибраимов Азия биринчилигинин, спрмдр арасындагы бокс боюнча А.Сабиров Кыргыз Республикасынын чемпиондору болуп калышты.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-жаңы спорт аянтчаларын түзүү боюнча чараларды кабыл алуу;
-бир катар жалпы билим берүү мектептеринде, атайын орто окуу жайларында жана башка мекемелерде дене тарбия жана спорт боюнча жаңы секцияларды түзүүнү улантуу;
-тургундар арасында жалпы чуркоо, спорттук үй-бүлөлөр, короолор командалары арасында мелдештер, мектептердин жана мекемелердин ар түрдүү турнилери катары массалык-дене тарбия жана ден соолугун чыңдоочу бир нече иш-чараларды даярдоо, өткөрүү;
-спорт комплекси менен спорт аянтчаларын куруу үчүн инвесторлор менен демөөрчүлөрдү тартуу боюнча ишти улантуу.

ӨКМ
Токмок шаарынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн иши 2018-жылы Токмок шаары боюнча 2018-жылга Жарандык коргонууга даярдык көрүү боюнча бекитилген планына ылайык жүргүзүлгөн.
2018-жылдын январь-февраль айларында графикке ылайык ошондой эле Москва жана Панфилов райондорунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү менен биргеликте Чүй облусунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү менен жер алдындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнүн кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар өткөрүлгөн. Ошондой эле, Москва жана Октябрь райондору менен биргеликте Охотничья көчөсүнөн Родниковая көчөсүнө чейинки, узундугу 700 метрлик ачык түрдөгү коллектордук-дренаждык тармакты тазалоо жана тереңдетүү иштери жүргүзүлүп, 1050 кубометр чыгарылган. Панфилов районунун жарандык коргонуусунун күчтөрү менен Иваницын көчөсүнөн П түрүндөгү көлмөгө чейинки, узундугу 900 метрлик ачык түрдөгү коллектордук-дренаждык тармакты тазалоо жана тереңдетүү иштери жүргүзүлүп, 1500 кубометр чыгарылган. 4 көпүрө бузулган. Охотничья өтмөгүндөгү узундугу 200 метрлик ачык түрдөгү коллектордук-дренаждык тармакты тазалоо жана тереңдетүү иштери жүргүзүлүп, жөө адамдар жүрүүчү 2 көпүрө бузулган.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга таасир боюнча түндүк борборунун каражаттарынын эсебинен Зеленая көчөсү боюнча Ибрамимов көчөсүнөнОктябрдын 70 жылдыгы көчөсүнө чейинки, узундугу 1680 метрлик ачык түрдөгү коллектордук-дренаждык тармакты тазалоо жана тереңдетүү иштери бүткөрүлүп, 4242 кубометр чыгарылган.
2018-жылга бекитилген даярдык көрүү планына ылайык жана чарба жүргүзүүчү объектилер менен окуу жайларынын жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал шарттарынын келип чыгуу мезгилинде даярдыктарын жогорулатуу максатында “Каз-Грейн” ЖЧКсында, “Токмок-Булс” ЖАКунда, “Курманов жанаК” ЖЧКсында, “Кыргыз Тоо-Таш” ААКунда, “ТМКИИЗ” ЖЧКсында, “Железобетон” ААКунда, РЭТте жана медициналык мекемелерде объектилик машыгуулар өткөрүлгөн. Ошондой эле “Өзгөчө кырдаал шарттарынын келип чыгуу мезгилинде (Жарандык коргонуу кызматтары) башкаруу пункттарынын өздүк курамдарынын иштерин уюштуруу” темасында штабдык машыгуу өткөрүлгөн. Андан сырткары шаардын мектептеринде “Жаш куткаруучу” темасында комплекстүү окуулар менен машыгуучу мелдештер өткөрүлгөн.
Өрткө каршы коопсуздук боюнча 2018-жылы Токмок шаарынын аймагында 126 өрт чыгып, материалдык чыгым 3,1 миллион сомду түзгөн. Өткөн жыл менен салыштырмалуу 14 өрт кырсыгына аз катталып, материалдык чыгым 1,4 миллион сомго өскөн. Тилекке каршы 4 адам каза болгон (анын ичинен экөө балдар). Токмоктогу өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 8 адам куткарылып, 38 миллион сомдук мүлк сакталып калган.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында өрткө каршы коопсуздукту үгүттөө боюнча 84 макала жарыяланып, радио аркылуу 273 берүүлөр, СТВ телеканалы аркылуу 20 көрсөтүүлөр болгон. 17463 адамды камтыган 3696 лекциялар окулган.
2018-жылы Токмоктогу өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Менчик ээлеринин аймактык шериктештигинин, турак-жай менчик ээлеринин шериктештигинин, кварталдык комитеттердин төрагалары, №21 аскердештирилген өрткө каршы бөлүмдүн жеке курамы менен окуулар өткөрүлүп, ага 2800 адам катышкан.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-Башкы планды иштеп чыгуу үчүн гидрогеологиялык изилдөолөрдү жана топографиялык сүрөткө түшүрүү иштерин өткөрүү;
-мамлекеттик каттоо менен биргеликте коллектордук-дренаждык тармактарга укук берүүчү документтерди каттоо боюнча иштерди улантуу;
-шаардын көчөлөрү мене жөө жүрүүчү жолдорду оңдоо боюнча пландалган объектилер боюнча иштерди аяктоо;
-Токмок шаарынын базарларында башаламан соода боюнча иштерди улантуу.

МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИК БАШКАРМАЛЫГЫ
2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Токмок шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын киреше бөлүгү 102,9 % аткрылды же бекитилген пландагы 9545,0 миң сомдун ордуна иш жүзүндө 9821,6 миң сом түшүп, бул өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 1212,0 миң сомго көп (2017-жылы-8609,6 млн. сом).
Жерлерди ижарага берүү бөлүгү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 133,3% түзүп, пландагы 5170,0 миң сомдун одуна 6893,3 миң сом түшкөн (2017-жылы – 5832,6 миң сом), бул өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 1060,7 миң сомго көп.
Отчеттук мезгилде колдонбогон турак-жай бөлмөлөрдү ижарага берүү максатында 37 келишим түзүлгөн.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн муниципалдык жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү боюнча бөлүгү 101,9 % аткарылды, пландагы 1750,0 миң сомдун ордуна, иш жүзүндө 1783,9 миң сом түштү, бул мурунку жылдын деңгээлинен 1783,9 миң сомго арбын.
Ижарага жалпы аянты 1198,8 миң чарчы метр 37 жер тилкеси 933,0 миң сомго берилген. Ошондой эле жалпы суммасы 647,7 миң сомго, 38,6 миң чарчы метр 71 жер тилкелерине мезгилдүү ижара келишимдери түзүлгөн.
Жалпы суммкасы 618,7 миң сомду түзгөн, аянты 1897,5 миң чарчы метр 10 жер тилкелери жеке менчикке берилген.
Отчеттук мезгилде Токмок шаардык курулуш жана жерди пайдалануу комиссиясынын 11 отуруму өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык 223 ар кандай мүнөздөгү маселелер каралды. Чектерди аныктоо боюнча 54жолу комиссиялык жерине чыгуулар жүргүзүлгөн.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында аукцион өткөрүү жана түз сүйлөшүүлөр боюнча 27 макала чыккан, анын ичинде 12си коомдук угуулады өткөрүү жөнүндө, 15и аукцион өткөрүү боюнча.
Токмок шаардык мэриясынын 2018-жылдын 17-апрелиндеги №72-б буюрмасына ылайык апрель айынан баштап шаардын тиешелүү кызматтары менен биргеликте шаардын көчөлөрү менен жөө жүрүүчүлөрдүн жолдорунун абалын жакшыртуу жана тартипке келтирүү, борбордук “Мүрөк” жана “Булак” базарларынын айланасындагы аймактардагы башаламан сооданы жоюу максатында чоң иштер улантылууда.
Өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжсында мыйзамсыз орнотулган объектилер бузулду:
-35 соода жайлары.
-12 нан азыктарын сатуучу жайлар.
-13 тандыр курулмалары.
-14 автоунаа штрафтык токтотуучу жайларга жеткирилип, тиешелүү протоколдор жана актылар түзүлгөн.
Отчеттук мезгилде жол-оңдоо иштери аткарылган. Азыркы учурга жолдор боюнча ишке ашырылган долбоорлор:
-Ленин көчөсүнүн (Комсомол көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин) жөө адамдар басуучу жолу 3519,3 миӊ сомго оңдолду (2-кварталда);
-№13 орто мектепте 2149,7 миӊ сомго капиталдык ремонт (2-кварталда);
-Ленин көчөсүнүн (Комсомол көчөсүнөн Шамшы көчөсүнө чейин) жөө адамдар басуучу жолу 4103,7 миӊ сомго оңдолду;
-Жолдорду жамоо иштери шаардын ичинде Парковая, Гагарин, Слободка, Жеңиш, кичи райондо Фрунзе, 22-Партсъезд, Орозбеков, Космонавттар проспекти, баардыгы 1,6 млн.сомго жасалды.
— Сарбагышев көчөсүндө 1,4 км жол 5916,0 миӊ сомго республикалык бюджеттин каражатына жасалды.
2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” Программасына катышуучуларды тандап алуу тартиби жөнүндө убактылуу Жобосуна ылайык 110 адам катышса, турак-жай алууга журналда кезекке турган 35 адамдын арыздары катталган.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-шаардын Башкы планын иштеп чыгуу боюнча иштерди өткөрүү;
-Токмок шаарынын аймагындагы коллектордук-дренаждык тармакка укук берүүчү документтерди каттоо боюнча Мамлекеттик каттоо менен биргеликте тишелүү иштерди өткөрүү;
-муниципалдык менчик объекттерин ишкердик субъекттерине ижарага берүү боюнча иштерди улантуу;
-муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик катоо боюнча иштерди улантуу;
-шаардын көчөлөрүн жана жөө адамдар жүрүүчү жолдорду ремонтоо иштерин өткөрүү;
-Спортивная көчөсүн (Кант заводу) толук асфальттоо жана жамоо иштерин 1,7 миллион сомго аткаруу;
-Гагарин, Ленин көчөлөрүнүн жөө адамдар жүрүүчү жолдорун (Комсомол көчөсүнөн Ибраимов жана Сарбагишев көчөлөрүнө чейин), Ленин көчөсүн (Шамшы көчөсүнөн Комсомол көчөсүнө чейин) оңдоо;
-Токмок шаарынын Өнүгүү программасына ылайык пландалып жаткан долбоорлор боюнча долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгууну өткөрүү.

УКУК ТАРТИБИ
Токмок шаардык ИИБ тарабынан укук бузуулардын жана кылмыш иштеринин алдын алууну үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн негизинде, жашы жете электердин укук бузууларын эскертүү, көчөлөрдөгү кылмыштуулуктар жана уурулуктар, диний экстремизм менен күрөшүү чаралары, кылмышкерлерди жана дайынсыз жоголгондорду издөө туруктуу ишке ашууда, баңгизат бизнеси менен күрөшүү боюнча, экономикалык кылмыштуулуктар, жемкорлуктун көрүнүштөрү менен иштер жүргүзүлүүдө, шаардыктардын коопсуздугу жана коомдук тартип камсыз болууда.
2018-жылы 387 кылмыш катталса, мурунку жылдын ушул эле мезгилинде 582 кылмыш иши катталган, анын ичинен 298 кылмыш иши ачылса, мурунку жылы 446 кылмыш иши ачылган, ачылган кылмыштар 77,0 % түздү, мурунку жылы 76,6% кылмыштуулукту ачуу мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,4 % көбөйгөн.
Оор жана өзгөчө оор кылмыштуулуктун саны 41 болсо, мурунку жылы 31, анын ичинен 38 кылмыштын  бети ачылган. Мурунку жылга салыштырганда кылмыштын бетин ачуу 92,7 % түзүп, 4,1% азайган.
Киши өлтүрүү -12, мурунку жылы -9; ачылганы-10, кылмышты ачуу 83,3 % түздү, тоноо -10, мурунку жылы 16, ачылганы 9, бул 90% түздү жана ачылыштын өсүүсү 2,5% түздү. Карактоо 3, иштин ачылганы -3, иштин ачылышы 100% түздү. Башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо -223, мурунку жылы 313, иштин ачылганы-161, же бетин ачуу 68,6 % түздү. Батирлерди тоноо 40, мурунку жылы 109, ачылганы 23, же бетин ачуу 57,5 % түздү, бул 2017-жылга салыштырмалуу 69 фактыга аз, бетин ачуунун өсүүсү 15% түздү.
2018-жылы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүчү тобу тарабынан (ГБНОН) 25 факт аныкталган, мурунку жылы 31, анда кылмыштуу жүгүртүүдөн былтыркы жылдын отчеттук мезгилинде 30928 гр. баңги заты алынган, мурунку жылы 1464 гр. баңгизат алынган. Кылмыш жоопкерчилигине 24 адам тартылган.
Токмок шаарынын ИИБ ЖККБ тарабынан 12194 жол кыймылынын эрежесин бузуулар катталса, мурунку жылдын отчеттук мезгилинде 1023 жол кыймылынын эрежесин бузуулар катталган жана 11171 окуяга өсүп кеткен,  (2018-жылы Патрулдук милиция таркатылып, 9 адамдан турган штаттык бирдик Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын коопсуздугуна кошулган).
Былтыр 73 жол кырсыктары катталып, 12 адам каза болгон жана 120 адам жаракат алган. Мурунку жылга салыштырмалуу жол кырсыктары 4 окуяга көп катталып, бул 25% түзөт. Жабыркагандардын саны 20 адамга өскөн (20%).
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-жасалган кылмыш иштерин ачууда жана аныктоодо иликтөөчү жана ыкчам топторунун иштерин жандандыруу;
-укук бузуулардын алдын алуу максатында коомдук тартипке көзөмөлдүктү күчөтүү;
-борбордук базардын аймагында унаа каражаттарынын кыймылы менен жол кыймылынын эрежелерин сактоо тартибин камсыз кылуу;
-адамдар көп чогулган жерлерде укук бузуулардын алдын алуу жана жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо максатында рейддерди өткөрүү;
-окуу жайлардын, уюмдардын, мекемелердин жамааттары аркылуу коомдо толеранттуулукту тарбиялоо боюнча иштерди жандандыруу;
-улутчулук көрүнүштөрдүн жана мүмкүндүү терроризмдин актыларынын алдын алуу боюнча зарыл чараларды кабыл алуу.

 III БӨЛҮМ

ТУРАК-ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБАСЫ ЖАНА ШААРДЫ КӨРКТӨНДҮРҮҮ

ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБАСЫ
Токмок шаарынын турак жай-коммуналдык чарбасында инженердик-техникалык тармактарды оңдоп-түзөө, кайрадан куруу, коммуникацияларды кеңейтүү, тиричилик фондун кармоо жана оңдоп-түзөө боюнча иш-чаралардын программасы жүзөгө ашырылууда.
Бүгүнкү күндө шаардын турак жай фондун кармоо жана тейлөө менен 50 ТЖМЭШ, 1 «ТЖЭУ» МИ, 1 «Жилсервис» ЖЧК жана аскер гарнизонунун үй башкармалыгы иштейт.
2018-жылы шаардын коммуналдык кызматтары тарабынан дебитордук карыздарды жоюу, таштандыларды чыгаруу боюнча жашоонун баардык ченемдерине жана параметрлерине тиешелүү көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн өз убагында жана сапаттуулугун камсыздоо боюнча белгилүү иштерди аткарышууда.
2018-жылдын1-январына карата дебитордук карыздар:
-«Токмок жылуулук менен камсыздоо ишканасы» МИ –25,4 млн. сом, анын ичинде калк –17,5 млн.сом. Мурунку жылдын ушул мезгилине караганда дебитордук карыздардын төмөндөшү 10 % түзгөн (жергиликтүү бюджеттен бюджеттик уюмдардын карыздарын толук жоюу боюнча чаралар көрүлгөн, андан сырткары республимкалык бюджетке карыздар азайган);
-“Токмок Жылуулук” МИ боюнча -25,4 млн.сом, (12,2 млн. сом субсидияны эске алуу менен) анын ичинде калк – 2,4 млн.сом. Мурунку жылдын ушул мезгилине караганда дебитордук карыз 25%, же 5,1 млн. сомго көбөйгөн. Бул карыздардын басымдуу бөлүгү республикалык бюджеттин эсебиндеги мекемелер тарабынан каржыланган.
-«Токмок Водоканал» МИ боюнча – 7,8 млн.сом, анын ичинде калк – 6,1 млн.сом, мурунку жылга салыштырганда дебитордук карыз 11,3 % төмөндөгөн.
-Токмок РЭТ боюнча – 23,4 млн.сом, анын ичинде калк 12,5 млн.сом, мурунку жылга салыштырганда дебитордук карыз 8,3 % көбөйгөн.
-Токмок шаарынын Коммуналдык ишканалар комбинаты боюнча – 8,7 млн.сом, анын ичинде калк 8,0 млн.сом, мурунку жылга салыштырганда дебитордук карыз 6,6 % көбөйгөн.
Европа өнүктүрүү банкы тарабынан берилүүчү 5,1 млн. ЕВРО көлөмүндөгү каражатка “Токмок шаарын суу менен камсыздоо жана агынды суулардын тутумун жакшыртуу” долбоору боюнча иш-чаралар ишке ашырылуу алдында турат. Учурда Субкредиттик келишимге кол коюлган. “Еврибор” пайыздык ставкасын 2,5%дан 1,0%га төмөндөтүү боюнча жана жеңилдик мезгилин 2019-жылдан 2029-жылга чейин узартуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасын буу казан чарбасы менен жылуулук трассасын реконструкциялоо үчүн республикалык бюджеттен 70,0 млн. сом суммасындагы ссуда алынган. Долбоор ийгиликтүү аяктап, 2 буу казаны, сууну химиялык иштетүү, сууну деарациялоо боюнча жабдуулар орнотулуп, бөлүнгөн 70, млн. сомдун 60,6 млн. сомуна 60 кубометрлик авариялык отун үчүн сыйымдуулк жана насостор сатылып алынган. Андан сырткары Жеңиш көчөсүндөгү 1240 метр узундуктагы жылуулук трассасын 9,4 млн. сомго алмаштыруу жүргүзүлгөн.
Ошону менен бирге 2018-жылы “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасын “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү боюнча иштер аткарылган. Маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө кароодо турат.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-“Токмок жылуулук менен камсыздоо” ишканасы жана “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасы тарабынан 2017-2018-жылдардын жылуулук берүү мезгилин үзгүлтүксүз өтүүсүн камсыздоо;
-«Токмок Водоканал» МИ тарабынан «Токмок шаарын суу менен камсыздоо жана агынды суулардын тутумун реабилитациялоо” долбоорун ишке ашуусуна толук көмөк көрсөтүү;
-“Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасын “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү боюнча иштерди улантуу;
-коммуналдык ишканалар дебитордук карыздардын деңгээлин кыскартуу боюнча даректүү иш алып баруу менен соттук тартипте карыздарды кайтаруу тажрыйбасын колдонуусу жана жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтарды чагылдыруусу.

КӨРКТӨНДҮРҮҮ
2018-жылы шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, сугат тармактарын кармоо, көчө жарыктарын кармоо, санитардык тазалоо, жашылдандыруу чарбасын кармоо, дренаждык каналдарды калыбына келтирүү жана оңдоо, жол-көпүрө каналдарын кармоо жана автомобиль жолдорун кышында кармоо иш-чаралары откорүлгөн.
2018-жылы шаарды көрктөндүрүү боюнча иштердин көлөмү 26,2 млн. сомду түзгөн.
Шаар боюнча баардыгы 72,3 миң куб.м. таштандылар чыгарылып, 72 башаламан таштандылар жок кылынып, 23,8 миң куб.м. таштанды чыгарылган.
24 түп сосна көчөттөрү отургузулуп, көчөлөрдөгү 1412 бактарды бутоо аткарылды. Гүлзарларга 17335 гүлдүн көчөттөрү отургузулган. Сугат суусун жүгүртүү үчүн арык тутумунун 16,3 км. тазаланды жана оңдолду.
Жаныбарлардын кутурма оорусунун алдын алуу максатында 1909 жолбун иттер атылган.
Көчөлөргө жарык берүүчү 1258 шам чырактарды жана 8 светофордук объекттерди тейлөө боюнча иштер дайыма жүргүзүлдү.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн кошумча 75 жол белгилери орнотулуп 677,7 чарчы метр жол белгилери тартылды.
2019-жылы Коммуналдык ишканалар комбинатынын техникалык абалын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлмөкчү.
Мисалы, 2019-жылы жергиликтүү бюджеттен таштанды чыгаруу үчүн атайын техникаларды сатып алууга 10,0 млн. сом бөлүнүүсү каралууда. Мындан тышкары донорлор тарабынан инвестициялоо үчүн кошумча долбоорлор даярланууда. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттигине кат менен кайрылууда.
Таштандыларды ташып чыгуу жана башаламан таштанды жайларын жок кылуу боюнча иштер күчөтүлөт. Ал үчүн бюджеттен 6,1 млн. сом каралууда.
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-шаарды көрктөндүрүү, инфраструктурасын реконструкциялоо, баш аламан таштандыларга жол бербөө жана келишимдеги милдеттерге ылайык тиричилик таштандыларын өз убагында чыгаруу иштери сапаттуу жүзөгө ашырылышы боюнча иштерди улантуу. Анын ичинде:
-шаардын арк тармактарын калыбына келтирүү;
-шаардын көчөлөрүнө, сейил бактарына бак-дарактардын 5500 көчөттөрүн отургузуу;
-шаардын гүлзарларына 18000 гүлдүн көчөттөрүн отургузуу;
-шаардын көчөлөрүн жарыктандырууну калыбына келтирүү иштерин улантуу;
-шаардагы эстеликтер менен аялдамаларды оңдоо иштерин жүргүзүү (чакан архитектуралык түрдөгү);
-Жеңиш сейил багы менен шаардын көчөлөрүндөгү отургучтарды орнотуу жана оңдоо иштерин жүргүзүү;
-Ибраимов жана Дубовицкий көчөлөрүнүн кесилишинде светофор орнотуу чарасын көрүү;
-башаламан таштанды жайларынын пайда болушуна жол бербөө үчүн жана таштандылардын өз убагында чыгарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү;
-турак-жай ээлеринин шериктештиги, менчик ээлеринин аймактык бирикмелеринин келишимдик милдеттенмелерине ылайык үйлөрдүн аймагында санитардык ченемдерди сактоого катуу көзөмөл жүргүү;
-таштанды чыгарууга төлөмдөрдүн өз учурунда чогулушун камсыздоо;
-көрктөндүрүлгөн объектилерди тиешелүү абалда кармап туруу.

 IV БӨЛҮМ

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ
Кыргыз Республикасында 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн кректүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун жүрүшүндө Токмок шаардык мэриясынын жетекчилиги тарабынан мэриянын аппаратынын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин жогорулатуу боюнча окуу курстары уюштурулган. Мындан тышкары түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан өз каражаттарынын эсебинен окутуу уюштурулган.
Шаардык мэриянын, Муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаардык кеңештин, Каржы башкармалыгынын жана шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн, Салык кызматынын жана Социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери Кыргызтестке барып тест тапшырышты.
Токмок шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучулары менен студенттеринин катышуусунда элибиздин каада-салттарына байланышкан бир катар иш-чаралар өткөрүлгөн. Токмоктогу индустриялык-педагогикалык колледждин чоң залында шаарыбыздагы “Достук үйү” курамындагы диаспоралардын катышуусу менен Эл аралык эне тил күнүн жогорку деңгээлде өткөн. Токмок шаарындагы маданият колледжи тарабынан уюштурулган бул иш-чарага Токмок шаардык мэриясынын өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары катышышкан.
Токмок шаардык мэриясынын чоң залында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган “Эне тил жана Айтматов” аттуу мамлекеттик тилдин үч айлыгына арналган салтанаттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлгөн. Ага Токмок шаарынын мэри, шаардык кеңештин төрагасы, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, илимий кызматкерлер, шаардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, уюмдарынын, мекемелеринин жетекчилери менен мамлекеттик тил боюнча адистери, окуу жайларынын кыргыз тили мугалимдери катышышкан.
Анда мамлекеттик тилди өнүтүрүүгө кошкон салымдарын эске алуу менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси, Ардак грамоталары тапшырылган.
2019-жылы төмөндөгү иш-чаралар зарыл:
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун аткарылышы так көзөмөлгө алынуусу;
-кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу курстарында кызматкерлерди окутуу жүргүзүлүүсү жана улантылуусу;
-мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди керектүү деңгээлде билүүлөрү боюнча тесттерди тапшыруу үчүн окутуу курстарына катышуу так уюштурулуусу;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 95-б “2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы боюнча Чүй облусундагы иш-аракеттер планын ишке ашыруу жөнүндө” буюрмасын аткаруу үчүн квартал сайын отчеттор Токмок ш. мэриясына тапшырылуусу.

КАТТАР, ДАТТАНУУЛАР МЕНЕН ИШТӨӨ ЖАНА АТКАРУУ ТАРТИБИ
2018-жылы 887 арыздар жана кайрылуулар каралды, бул мурнку жылдагыдан 91 кайрылууга көп. Алардын ичинен 251и оң чечилди (+49), 568 арыздануучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (+72), 52 кайрылууну аткаруудан баш тартылды (-34), 16 кайрылуу аткарууу иретинде турат (-4).
Анын ичинен: Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан 14 (14үнө тең түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынан 5 (5ине тең түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүнөн 44 (16сы оң чечилип, 28ине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү). Келип түшкөн кайрылуулардын каралбай калганы жок. Түшкөн арыздарды өз мөөнөтүндө карап жетишпеген учурда жооптуу кызматкерлерге административтик чара көрүлөт.
Электрондук 25 (+12) кайрылуу түшкөн. Мэрдин, вице-мэрдин жана аппарат жетекчисинин катышуусу менен 3 видеоконференция өткөрүлгөн.
2018-жылы “Ишеним телефону 146” кызматына 9842 чалуулар түштү (+2315), анын ичинде социалдык маселелер боюнча -230, коммуналдык маселелер боюнча 9129 жана башка маселелер боюнча 483 чалуулар болгон. Алардын ичинен 4756 кайрылуу оң чечилген (+1951), 4934 кайрылууга түшүндүрмөлөр берилген (+630), 152 (-266) кайрылууну аткаруудан баш тартылган.
«Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок” шаардык газетасында “Шаардагы апта” рубрикасы үзгүлтүксүз түрдө жарандардын кайрылууларынын мүнөздөрүн жана мазмунун ачык-айкын чагылдырып турат. окмок шаардык мэриясында: www/tokmokcity.kg расмий сайты түзүлгөн.
Токмок шаардык мэриясынын жетекчилиги тарабынан 111 (+4) адам кабыл алынып, алардын 72синин кайрылуулары оң чечилип, 37 адамга түшүндүрмө берилип, 2 кайрылуу аткарууда турат.
Бардык арыздар, каттар жана даттануулар “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамга ылайык так каралып турат жана каттоого алынат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндөгү негизги принциптердин бири маанилүү социалдык маселелерге талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берген жарандардан келип түшкөн арыздарга, сунуштарга, даттанууларга жана оозеки кайрылууларына кунт коюу менен принципиалдуу мамиле жасоо болуп эсептелет.
Түшкөн каттардын аткарылуусу:
2018-жылы Токмок шаардык мэриясына Кыргыз Республикасынын 2204 ченемдик-укуктук актылары келип түшкөн. Алардын ичинен 2192 документи аткарылды, 12 документ аткарууда турат. Алардын ичинде:
-ченемдик-укуктук актылар -163;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын каттары-641;
-208 телефонограмма;
-Кыргыз Республикасынын министирликтеринен жана ведомстволорунан 400 иш кагаз келип түшкөн;
-Токмок  шаарындагы уюмдар менен мекемелерден 757 кат келип түшкөн.
Аткаруу тартиби дайыма жетекчиликтин көзөмөлүндө турат.

КОРУТУНДУ
Токмок шаарынын 2019-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын ушул долбоору отчеттук мезгилдеги шаардын келечектүү өнүгүүсү менен жергиликтүү коомчулуктун негизги учурларын чагылдырат.
Аны ишке ашыруунун жүрүшү дайыма жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылып, шаардын жашоочулары менен жолугушууларда мэр тарабынан айтылып турат.
Алдыдагы мезгилде учурду эске алуу менен жана шаардык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө карап ага айрым кошумчалар жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Токмок шаардык кеңешинин
жооптуу катчысы                              С.А.Кабаева

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *