2019-жылдын  12- июну   № 208/29-4 А. Ч. Султановага батир берүүгө макулдук берүү жөнүндө

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  12- июну   № 208/29-4

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН

 КЕЗЕКТЕГИ XXIX СЕССИЯСЫ

А. Ч. Султановага батир берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын “Муниципалдык менчикте турган,  Токмок ш., 3-кичирайону, 27-үй, 2-батир дарегинде жайгашкан батирди  Султанова Аяра Чынгызовнага акысыз негизде берүүгө макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусун карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токмок ш., 3-кичирайону, 27-үй, 2-батир дарегинде жайгашкан батирди апрель элдик революциясынын баатыры Султанов Чынгыз Тентиевичдин түздөн-түз мураскери катары (кызы) жашы жете элек Султанова Аяра Чынгызовнага акысыз негизде берүүгө макулдук берилсин.
  2. Токмок ш., 3-кичирайону, 27-үй, 2-батир дарегинде жайгашкан батир акысыз негизде Султанова Аяра Чынгызовнанын менчигине өткөрүлүп берилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага                                           Т.А.Солтобаев

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

от  12-июня  2019 года   № 208/29-4

XXIX ОЧЕРЕДНАЯ СЕССИЯ ТОКМОКСКОГО

ГОРОДСКОГО КЕНЕША IV СОЗЫВА

О дачи согласия на предоставление квартиры Султановой А.Ч.

Рассмотрев обращение Управления муниципальной собственности г.Токмок «О дачи согласия на предоставление квартиры, находящийся в муниципальной собственности  УМС г.Токмок, расположенной по адресу: г.Токмок 3 мкр, д.27, кв.2 на безвозмездной основе Султановой Аяре Чынгызовне, а также руководствуясь Законами Кыргызской Республики «О местном самоуправлении», «О статусе депутатов местных кенешей», «О муниципальной собственности на имущество», Токмокский городской кенеш

ПОСТАНОВЛЯЕТ:

  1. Дать согласие на предоставление квартиры, расположенной по адресу: г.Токмок 3 мкр, д.27, кв.2, на безвозмездной основе несовершеннолетней Султановой Аяре Чынгызовне как прямой наследнице (дочери) героя Апрельской народной революции Султанова Чынгыза Тентиевича.
  2. Произвести передачу в собственность на безвозмездной основе квартиры, находящейся по адресу: г.Токмок 3 мкр, д.27, кв.2 Султановой Аяре Чынгызовне.
  3. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на постоянную депутатскую комиссию Токмокского городского кенеша по развитию предпринимательства, малому и среднему бизнесу, по контролю за муниципальной собственностью.

Председатель                                           Т.А.Солтобаев