2019-жылдын 26-декабры   № 251/31-4  Жалпы аянты 7500 ч.м. болгон жер тилкесин Ж-1 зонасынан К-1 зонасына  которуу жана “Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын 26-декабры   № 251/31-4

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН

КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫ

Жалпы аянты 7500 ч.м. болгон жер тилкесин Ж-1 зонасынан К-1 зонасына  которуу жана “Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Токмок ш. ММБнын башчысы М.К.Макешевдин “С. Мухамеджановдун кызыкчылыгында ишеним кат боюнча өкүл А.Талипованын “Жер тилкесинин зоналык категориясын Ж-1 зонасынан К-1 зонасына  которуу жөнүндө” арызы боюнча” катын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу боюнча жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколдоруна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

— жаран С.Мухамеджановдун жеке менчигиндеги Токмок ш., Казахстанская көчөсүндө жайгашкан жер тилкеси Ж-1А (чет жактарындагы жеке усадьбалык турак-жай курулушунун зонасы) зонасынан К-1 (коммуналдык ишканалардын, транспорттун, кампалоонун жана майда өндүрүштүн зонасы) зонасына которулсун.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага                                                   Т.А.Солтобаев

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

от 26 – декабря  2019 г.     № 251/31-4

XXXI ОЧЕРЕДНАЯ СЕССИЯ ТОКМОКСКОГО

ГОРОДСКОГО КЕНЕША IV СОЗЫВА

О переводе земельного участка из зоны Ж-1 в зону К-1 общей площадью 7500 кв.м. и о внесении изменений в ст.25 «Правил застройки и землепользования г. Токмок» 

Рассмотрев и обсудив письмо начальника УМС г.Токмок М.К.Макешева по заявлению представителя по доверенности А.Талипова в интересах гр. С.Мухамеджанова «О переводе зональной категории земельного участка из зоны Ж-1 в зону К-1», а также согласно протокола  комиссии по застройке и землепользованию  г. Токмок  и постоянной депутатской комиссии (по развитию предпринимательства, малому и среднему бизнесу, по контролю за муниципальной собственностью), а также руководствуясь Законами  Кыргызской  Республики «О местном самоуправлении», «О статусе депутатов местных кенешей», «О муниципальной собственности на имущество» Токмокский городской кенеш; 

ПОСТАНОВЛЯЕТ:

  1. В статью 25 «Правил застройки и землепользования г.Токмоквнести следующие изменения:

— земельный участок принадлежащему гр-ну С.Мухамеджанову  на праве частной собственности перевести из зоны Ж-1А (зона усадебной жилой застройки на периферии города) на зону К-1 (зона коммунальных предприятий, транспорта складирования и мелкого производства) находящегося по адресу: г. Токмок ул. Казахстанская  б/н.

  1. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на постоянную депутатскую комиссию (по развитию предпринимательства, малому и среднему бизнесу, по контролю за муниципальной собственностью).

Председатель                                                 Т.А.Солтобаев