2020-жылдын  26-июну   № 265/34-4  К- 1 зонасынан Ж-2 зонасына жер тилкесин которуу жана Токмок ш. Курулуш жана Жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 2020-жылдын  26-июну   № 265/34-4                  

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
XXXIV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 К- 1 зонасынан Ж-2 зонасына жер тилкесин которуу жана
Токмок ш. Курулуш жана Жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Токмок шаарынын ММБнын башчысы М.К.Макешевдин “Токмок шаарынын  Свеклопункт көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 31658ч.м. муниципалдык жер тилкеси К-1 зонасынан Ж-2 зонасына которуу жөнүндө” катынын негизинде, “Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу” боюнча комиссиянын протоколун карап жана талкуулап чыгып,  ошондой эле  Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу  жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

— Токмок шаарынын  Свеклопункт көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 31658ч.м. муниципалдык жер тилкеси К-1 зонасынан (коммуналдык иш каналар, транспорт, кампа жана майда өндүрүш зонасы) Ж-2 (аралаш турак жайды өнүктүрүү) зонасына  которулсун.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиянына жүктөлсүн.

Төрага                                 Т.А.Солтобаев

 

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 от  26-июня  2020 г.     № 265/34-4

XXXIV ВНЕОЧЕРЕДНАЯ СЕССИЯ ТОКМОКСКОГО
ГОРОДСКОГО КЕНЕША IV СОЗЫВА

 О переводе земельного участка из зоны К-1 в зону Ж-2 и о внесении изменений
 в ст. 25  «Правила застройки и землепользования города Токмок»

Рассмотрев и обсудив обращение начальника УМСг. Токмок  М.К.Макешева «О переводе зональной категории муниципального земельного участка общей площадью 31658 м2 из зоны  К-1  на зону Ж-2 расположенного  по адресу: г.Токмок,   ул. Свеклопункт», комиссии по застройке и землепользованию г.Токмок, а также  согласно протокола постоянной депутатской комиссии Токмокского городского кенеша  по развитию предпринимательства, малому и среднему бизнесу, по контролю за муниципальной собственностью, а также руководствуясь законами  Кыргызской Республики «О местном самоуправлении», «О статусе депутатов местных кенешей»,   Токмокский городской кенеш

ПОСТАНОВЛЯЕТ:

1. В статью 25 «Правил застройки и землепользования г.Токмок» внести следующие изменения:

— перевести муниципальный земельный участок общей площадью 31658 м2 из зоны К-1 (зона коммунальных предприятий, транспорта, складирования и мелкого производства) на зону Ж-2 (зона смешанной жилой застройки) расположенного  по адресу: г.Токмок,   ул. Свеклопункт.

2. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на постоянную депутатскую комиссию Токмокского городского кенеша по развитию предпринимательства, малому и среднему бизнесу, по контролю за муниципальной собственностью.

Председатель                                  Т.А. Солтобаев