2020-жылдын  4-февралы № 258/32-4  Токмок шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин кароо жана бекитүү жөнүндө    

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2020-жылдын  4-февралы № 258/32-4

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
КЕЗЕКТЕГИ XXXII СЕССИЯСЫ

Токмок шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин кароо жана бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамына жана “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 3-февралындагы отурумунун протоколун эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан 2020-жылдын 22-январында келип түшкөн №02-01/8 катынын негизинде, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токмок шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Токмок шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Токмок аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
  3. Ушул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген убакта каттоого алынсын жана массалык маалымат каражаттарында тиешелүү түрдө жарыялансын.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (С.А.Кабаевага) жүктөлсүн.

Төрага                                     Солтобаев Т.А.

 

Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылдын  4 — февралындагы № 258/32-4 токтомуна тиркеме

 

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

от  4 февраля  2020 года  №258/32-4

XXXII ОЧЕРЕДНАЯ СЕССИЯ ТОКМОКСКОГО
ГОРОДСКОГО КЕНЕША IV СОЗЫВА

«О рассмотрении и утверждении списка кандидатов, выдвинутых в резервы и составы участковых избирательных комиссий города Токмок»

В соответствии с Законом Кыргызской Республики «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики» от 05.11.2019 г., за №121, и Положения «О порядке формирования и ведения резерва избирательных комиссий», принимая во внимание протокол заседания постоянной депутатской комиссии города Токмок (по мандатам, по этике и становлению самоуправления) от 03.02.2020 г., а также на основании поступившего письма от Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 22.01.2020 г., за №02-01/8, Токмокский городской кенеш,

ПОСТАНОВЛЯЕТ:

  1. Утвердить список кандидатур, выдвинутых в резервы и составы участковых избирательных комиссий города Токмок, согласно приложению №1 (прилагается).
  2. Список кандидатов, выдвинутых в резервы и составы участковых избирательных комиссий города Токмок, направить в Токмокскую городскую территориальную избирательную комиссию.
  3. Данное постановление в установленный срок законодательства Кыргызской Республики зарегистрировать в Чуй – Бишкекском управлении юстиции и надлежащим образом опубликовать в средствах массовой информации.
  4. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на ответственного-секретаря Токмокского городского кенеша (Кабаеву С.А.).

Председатель                                  Т. Солтобаев

Приложение к постановлению Токмокского городского кенеша от 4 февраля 2020 года  № 258/32-4