ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 28.02.2017-ж. №58/11-4 ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XI СЕССИЯСЫ Токмок шаарынын 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 28.02.2017-ж.   №58/11-4

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XI СЕССИЯСЫ

Токмок шаарынын 2017-жылга бюджети

жана 2018-2019-жылдарга болжолу

жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башкаруучусу Г.Т.Жумалиеванын “Токмок шаарынын 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” докладын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78, 102-беренелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин контролдук цифраларын, Токмок ш. мэриясынын шаардын 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин жана 2018-2019-жылдарга болжолунун долбоорун даярдоо боюнча жумушчу тобунун материалдарын, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколун жетекчиликке алуу менен,

 

Токмок шаардык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Токмок шаарынын киреше жана чыгаша боюнча бюджети 2017-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен – 198353,3 миң сом өлчөмүндө, 2018-жылга болжол – 209914,3 миң сом, 2019-жылга – 219497,3 миң сом (№1,№2 тиркемеге ылайык) жана 2017-2019-жылдарга киреше бөлүгү боюнча жөнгө салуу планы (тиркеме №3) бекитилсин.
  2. 2017-жылдын жана 2018-2019-жылдарга болжолун жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын анык алынган кирешенин чегинде, ошол эле учурда биринчи ирет корголгон беренелер боюнча (кызмат акы, Социалдык фондко чегерүү, тамактануу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул), коммуналдык кызматтарын, көмүр алууну, ошондой эле 01.01.2017-жылга карата бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызын жабууга каржылоо белгиленсин.
  3. Токмок ш. жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накчалай каражат 2017-жылдын 1-январына карата 200,0 миң сом суммасында белгиленсин.
  4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башкаруучусу (Жумалиева Г.Т.) тарабынан:

— Токмок ш. жергиликтүү бюджетин аткаруу процессинде, экономикалык кырдаал өзгөрүлгөн учурларда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 2017-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштер квартал сайын жүргүзүлсүн;

—  шаардык жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшүндө, шаардык жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылбагандыгы жана ашык аткарылгандыгы күтүлгөн учурда, шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүн баланстуу оңдоп-түзөө, шаардык кеңештин сессиясында кийин бекитилүүсү менен, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына киргизилсин;

— шаардык жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшүндө, кызматтык муктаждык пайда болгон учурда, шаардык бюджеттин каражатын алуучулардын сунушу боюнча, бөлүмдүн ичинде (кызмат акыдан, Социалдык фондко чегерүүдөн тышкары) жана бюджеттик жылдын кварталынан кварталына өзгөртүүлөрдү киргизүү, шаардык кеңештин сессиясында кийин бекитилүүсү менен, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына киргизилсин;

— шаардык жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшүндө муктаждык пайда болгон учурда, чыгашалар бөлүмүнөн бөлүмгө кредиттерди жылдыруу жүргүзүү үчүн, шаардык кеңештин сессиясында кийин бекитилүүсү менен, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына киргизилсин;

— шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу боюнча ишти көзөмөлгө алуу жана координациялоо, Токмок ш. боюнча МСКБсы жана Токмок ш. ММБсы менен биргеликте шаардык жергиликтүү бюджеттин салыктык жана салыктык эмес кирешелерин жогорулатуу жана кирешелердин кошумча булактарын табуу боюнча активдүү иш жүргүзүлсүн;

— 2017-бюджеттик жылдын ичинде 2016-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызын жабуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн.

  1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына (Жумалиева Г.Т.) каражаттар түшкөн учурда, шаардык жергиликтүү бюджетке сатуудан түшкөн салыктын түшүп калган суммасын компенсациялоого республикалык бюджеттен берилген каражаттар түшкөн учурда, көрсөтүлгөн каражаттардын максаттуу багытта колдонулушу Токмок ш. мэриясынын буюрмасына ылайык бекитүүгө жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кароосуна киргизүү укугу берилсин. Түшкөн каражаттар биринчи ирет 2016-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин корголгон беренелери боюнча (кызмат акы, Социалдык фондко чегерүү, тамактануу), коммуналдык кызматтар жана башка биринчи ирет чыгашалар беренелери боюнча (бухгалтердик баланс боюнча) кредитордук карызын, ошондой эле шаардын калкына берилген жылуулук энергиясын субсидиялоону жабууга жөнөтүлсүн.
  2. Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башкаруучусу (Мамбетаитов Н.Т.) тарабынан:

—  экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;

— салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча пландардын ай сайын аткарылышы камсыздалсын;

—  жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр калдыктарын кыскартуу боюнча иштер күчөтүлсүн;

— ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин  салыктар жана салык эмес төлөмдөрдүн бардык түрү боюнча келип түшүүлөр жана чегерүү боюнча бардык, салык төлөөчүлөр боюнча (юридикалык жана жеке жактар) маалыматтар  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунушталсын.

  1. Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун м.а. (Кусанов С.А.) тарабынан:

—  экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;

— ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин муниципалдык менчикти объектилерин пайдалануудан түшкөн жана чегерүү боюнча кирешелердин, төлөөчүлөр жана ижарачылар боюнча (юридикалык жана жеке жактар) маалыматтар  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунушталсын.

  1. Шаардык жергиликтүү бюджетте Кыргыз Республикасынын МУККнын Токмок шаардык бөлүмүнүн имаратын учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүүгө, 2221 “Мүлктүн учурдагы оңдоо иштерине чыгымдар” беренеси боюнча 300 000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө каражат каралсын.
  2. Шаардык жергиликтүү бюджеттен каржыланган, бюджеттик мекемелери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгашалар сметасын, штаттык түзүмүн жана чыгашалар беренелери боюнча чечмелөөнү сунуштоого милдеттендирилсин.
  3. Шаардын бюджеттик мекемелерине атайын каражаттарды, казына системасын четтеп өтүүгө тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартипти бузган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынат.
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Токмок шаардык бюджеттик мекемелер тарабынан коммуналдык кызматтар боюнча (суу, электрэнергиясы, жылуулук энергиясы, байланыш кызматтары үчүн төлөм) ченем катуу кармалсын.
  5. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык Токмок ш. мэринин резервдик фонду бюджеттик чыгымдын 1% көлөмүнө чейин түзүлсүн.
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                          Т.А.Солтобаев

 

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

28.02.2017 г.   № 58/11-4

 XI СЕССИЯ ТОКМОКСКОГО  ГОРОДСКОГО КЕНЕША IV СОЗЫВА

О бюджете города Токмок на 2017 год и прогнозе на 2018-2019 годы

Заслушав и обсудив доклад начальника Чуйского управления Министерства  финансов Кыргызской Республики Жумалиевой Г.Т. «О бюджете города Токмок на 2017 год и прогнозе на 2018-2019 годы», в соответствии со ст.78, 102 Бюджетного кодекса Кыргызской Республики, а также руководствуясь Законами Кыргызской Республики «О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2017 год и прогнозе на 2018-2019 годы», «О местном самоуправлении», «О статусе депутатов местных кенешей», контрольными цифрами Министерства финансов Кыргызской Республики, материалами рабочей комиссии мэрии г.Токмок по подготовке проекта местного бюджета города на 2017 год и прогноза на 2018-2019 годы, протокола заседания постоянной депутатской комиссии по экономике, бюджету, финансам, налогам и привлечению инвестиций,

 

Токмокский городской кенеш постановляет:

 

  1. Утвердить бюджет г. Токмок по доходам и расходам, с учетом специальных средств на 2017 год в сумме 198353,3 тыс. сом, прогноз на 2018 год — 209914,3 тыс. сом, на 2019 год — 219497,3 тыс. сом (согласно приложений №1, №2) и план регулирования по доходной части на 2017-2019 годы (приложение №3)
  2. Установить, что финансирование расходов местного бюджета на 2017 год и прогнозе на 2018-2019 годы производить в пределах фактически полученных доходов, при этом в первоочередном порядке по защищенным статьям расходов (заработная плата, отчисления в Социальный фонд, питание, пособия по социальной помощи населению), коммунальным услугам, приобретение угля, а также на погашение кредиторской задолженности бюджетных организаций на 01.01.2017г.
  3. Установить оборотную кассовую наличность по местному бюджету г.Токмок на 1 января 2017 года в сумме 200,0 тыс.сом.
  4. Начальнику Чуйского управления Министерства финансов Кыргызской Республики (Жумалиева Г.Т.):

— в процессе исполнения местного бюджета г. Токмок, в случаях изменения экономической ситуации, провести ежеквартально с Министерством финансов Кыргызской Республики работу по уточнению плана по доходной и расходной частям на 2017 год;

— в ходе исполнения местного бюджета, при ожидаемом не выполнении и перевыполнении доходной части местного бюджета города, для произведения сбалансированную корретировку доходной и расходной частей местного бюджета города, вносить на заседание постоянной депутатской комиссии по экономике, бюджету, финансам, налогам и привлечению инвестиций, с последующим утверждением на сессии городского кенеша;

— в ходе исполнения местного бюджета города, при возникновении производственной необходимости, по представлению получателей средств бюджета города, для внесения изменения внутри раздела (кроме заработной платы и взносов в Социальный фонд) и с квартала на квартал бюджетного года, вносить на заседание постоянной депутатской комиссии по экономике, бюджету, финансам, налогам и привлечению инвестиций, с последующим утверждением на сессии городского кенеша;

— в ходе исполнения местного бюджета города, при возникновении необходимости, для произведения передвижки кредитов с раздела на раздел расходов, вносить на заседание постоянной депутатской комиссии по экономике, бюджету, финансам, налогам и привлечению инвестиций, с последующим утверждением на сессии городского кенеша;

— взять на контроль и координировать работу по повышению доходов местного бюджета города, совместно с УГНС по г.Токмок и УМС г.Токмок вести акивную работу по увеличению налоговых и неналоговых доходов в местный бюджета город и выявлению дополнительных источников доходов.

— принять необходимые меры по погашению кредиторской задолженности бюджетных организаций города за 2016 год в течение 2017 бюджетного года.

  1. 5. Предоставить право Чуйскому управлению Министерства финансов Кыргызской Республики (Жумалиева Г.Т.) при поступлении средств, передаваемых из республиканского бюджета в местный бюджет города на компенсацию выпадений сумм налога с продаж, целевое направление указанных средств утверждать согласно распоряжению мэрии г.Токмок и вносить на расмотрение постоянной депутатской комиссии Токмокского городского кенеша по экономике, бюджету, финансам, налогам и привлечению инвестиций. При этом, поступившие средства в первоочередном порядке направить на погашение кредиторской задолженности бюджетных организаций города за 2016 год по защищенным статьям расходов (заработная плата, отчисления в Социальный фонд, питание), коммунальным услугам и по другим первоочередным статьям расходов (по бухгалтерскому балансу), а также на субсидирование тепловой энергии, отпускаемую населению города.
  2. 6. Начальнику Управления Государственной налоговой службы по г. Токмок (Мамбетаитов Н.Т.):

-принять меры по увеличению сборов по налогам и платежам, путем улучшения администрирования и проведения работ по легализации теневого сектора экономики;

— ежемесячно обеспечить выполнение плана сборов по всем видам налогов и неналоговых платежей;

— усилить работу по сокращению недоимки по налогам и платежам местного бюджета;

-ежемесячно представлять в Чуйское управление Министерства финансов Кыргызской Республики все необходимые сведения по начислению и поступлению в местный бюджет города доходов по видам налогов и неналоговых платежей, в разрезе налогоплательщиков (юридические и физические лица).

  1. 7. И.о.начальника УМС г. Токмок (Кусанов С.А.):

-принять меры по увеличению сборов и платежей, путем улучшения администрирования и проведения работ по легализации теневого сектора экономики;

-ежемесячно представлять в Чуйское управление Министерства финансов Кыргызской Республики данные по начислению и поступлению в бюджет города доходов от использования объектов муниципальной собственности (аренда и продажа муниципальной собственности), в разрезе плательщиков и арендаторов (юридические и физические лица).

  1. 8. Предусмотреть в местном бюджете города средства на проведение текущего ремонта здания Токмокского городского отдела ГКНБ Кыргызской Республики, через УМС г.Токмок, по  ст. 2221 «Расходы на текущий ремонт имущества», в сумме 300000 (триста тысяч) сом;

9.Обязать бюджетные организации, финансируемые из местного бюджета города, представлять в Чуйское управление Министерства финансов Кыргызской Республики сметы расходов, штатное расписание и расшифровку по статьям расходов, по бюджетным и специальным средствам.

10.Запретить бюджетным организациям города использовать специальные средства, минуя систему казначейства. При нарушении указанного порядка 100 процентов специальных средств изымается в доход местного бюджета.

  1. 11. Бюджетным организациям г. Токмок строго придерживаться лимитов по коммунальным услугам (плата за воду, электроэнергию, теплоэнергию и услуги связи) в соответствии с Постановлением Правительства Кыргызской Республики.
  2. 12. Согласно статье 24 Бюджетного кодекса Кыргызской Республики образовать и утвердить резервный фонд мэра города Токмок в размере 1% к объему расходов бюджета города.
  3. 1 Контроль за исполнением данного постановления возложить на постоянную комиссию Токмокского городского кенеша по экономике, бюджету, финансам, налогам и привлечению инвестиций.

 

Председатель                                                                                 Т.А.Солтобаев

Прил.№1 (2017-2019 гг.)

Прилож.№2 (2017-2019 гг.)

Прил.№ 3 (2017-2019)

прилож.№1 на кырг.

Прилож.№2 на кырг.

прилож.№3 на кырг.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>