Токмок шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 219/30-4 токтомуна № 1 тиркеме


Токмок шаардык Кеңешинин
2019-жылдын 5-сентябрындагы
№ 219/30-4 токтомуна № 1 тиркеме

Токмок ш. боюнча колдонуудагымуниципалдык жер тилкелеринин ижара төлөмүнүн суммасын эсептөө үчүн Коэффициенттери

Мыйзам чегинде бекитилген тиешелүү жер салыгын жиктөө (дифференцирования) үчүн коэффициенттер жана айыл чарбага дайындабаган жерлерди колдонууга жер салыгынын базалык ченеми.
Кыргыз Республикасынын салык Кодексине ылайык жерди ижарага берүү төлөмү  эсептелет.
Жер тилкелерин (А3) пайдаланууга төлөм  төмөнкү формула менен эсептелет
А3=СхSхК1хК2хК3, анда
С — айыл чарбасынабагытталбаган жерлерди колдонууга жер салыгынын базалык ченеми:
S-жер участкасынын аянты;
К1-экономикалык –пландаштыруу зонасынын коэффициенти;
К2-экологиялык балоо коэффициенти;
К3-функционалдык коэффициенти.

К1-экономикалык –пландаштыруу зонасынын коэффициенти

Токмок ш. боюнча экономикалык–пландаштыруу зонасынын төмөнкү №1 коэффициенттери колдонулат;
1.Зоналык категория К1 =15
(шаардын борбордук көчөлөрү: С.Ибраимов, Шамшы, Ленин, Комсомол, Сарбагышев,  Жантаев мейманкана району, Дубовицкий (С.Ибраимов көчөсүнөн Шамшы көчөсүнө чейин), “Булак” борбордук базары, иш жүзүндөгү май куюучу бекеттерге келүүчү жолдор)
2. Зоналык категория К1 =10
(Автовокзал району, Бишкек-Торугарт трассасы, Жантаев көчөсү)
3. Зоналык категория К1 =10
(аскер шаарчасынын району, Гагарин, Трясин, Парковая, Победа, Татар көчөлөрү, С.Ибраимов көчөсүнөн баштап, Ленин, Октябрдын 70 жылдыгы, З.Космодемьянская көчөлөрү), кичирайондор;
4. Зоналык категория К1 = 5
(сахзавод, өнөр жай зонасы)
5.Зоналык категория К1 =4
(эл жайланышпаган пунктардын чеги, түндүк айланма жолу)
6. Зоналык категория К1 =3
(эл жайланышкан пунктардын чеги, ыңгайлаштырууга берилген жер участкалары),“үй салууга, көп жылдык көчөттөргө, жакын кургатууга, балык чарбачылыгына ж.б. дайындалган аймактарга жакын”
7. Зоналык категория К1 =5
(эл жайланышкан пунктардын чеги, коммерциялык объектерди ыңгайлаштырууга берилген жер участкалары) “машина жуучу жайларга жакын аймактарга келүүчү жолдор ж.б.”;
8. Зоналык категория К1 =5
(Чуй районунда жайгашка Токмок ш. муниципалдык менчик объектилери жана жер тилкелери).

К2-төмөнкүлөргө берилүүчү, экологиялык баалоо коэффициенти:

— май куюучу бекеттерге берилүүчү жер участкалары үчүн -5;
— төмөнкүгө берилген жер тилкелери үчүн:
-автосервис ишканалары (техникалык тейлөө бекеттери, авто оңдоочу чеберканалар, машина жуучу жайлар, вулканизация бекеттери) -2,
-тейлөө чөйрөсүндөгү субъектер (сауна, мончо, хим.тазалоо, сырдоочу чеберканалар) -2;
-уюлдук антенналарды, мачталарды орнотуу-3;
-“Булак” базарынын аймагынын жанында соода объектерин, таяныч пунктарын, күзөт объектерин орнотуу -7;
-кичи базарлар, базарлар, анын ичинде мал соода-базаларынын  топтомдору);
-тиричилик тейлөө ишканалары, коомдук тамактануу, соода -1,5;
-коммерциялык жана коммерциялык эмес объектерге кире бериш түзүлмөлөрү -1,5;
-тейлөөлөрдүн каралбаган башка түрүнө-1,5;
-өнөр жай,  кайра иштетип чыгуу ишканалары -1;
-коммерциялык объектерге жакын жайгашкан тилкелерди ыңгайлаштаруу (унаа жуугучтар, кафе, дүкөндөр ж.б.) -1,5;
-үйлөргө жакын жайгашкан аймактарды ыңгайлаштаруу -1;
-көп жылдык көчөттөрдү отургузуу -1;
-муниципалдык менчик объектилеринин аймагындауюлдук антенналарды, мачталарды орнотуу-30;
-май куюуучу бекеттердин маалыматтык такталарына жана башка элементтерине   -5;

К3-максаттуу (функционалдык) дайындалган жер тилкелеринин коэффициенти:

1) дүкөндөр, күркөлөр (киоск), дүкөнчөлөр (ларек), павильондор жана башка соода мекемелеринин ээлеген аянтына жараша
10го чарчы м. чейин – 22,5;
10дон 20 чарчы м. чейин – 16,5;
20дан 35 чарчы м. чейин – 10,5;
35тен 50чарчы м. чейин – 7,5;
50 жана 50 чарчы м. жогору – 6;
2) кичи базарлар, базарлар, соода-базаларынын  топтомдору, мал базаларын -7,5;
3) хим.тазалоо, бут кийим оңдоочу жайлар, тиричилик тейлөөлөрү сырдоочу чеберканалар- 4,5;
4) коомдук тамактануу ишканалары, ашканалар, наабайканалар, буфеттер -3;
5)автоунааларын оңдоо жана техникалык тейлөөлөр үчүн ишканалар-7;
6) банктар, күрөөканалар, акча алмаштыруучу пунктар, төлөмдөрдү кабыл алуучу пунктар, кассалар -5;
7) медициналык борборлор, дарыканалар, дарылоо жана стоматологиялык кабинеттер -7;
8) кеңселер, бизнес борборлору, мейманканалар жана биржалар-2,5;
9) унааларга май куюучу,  газ толтуруучу бекеттер -10;
10)чачтарач, сулуулук салондору, косметикалык салондору -10
11) унаа токтотуучу жайлар, унаа сервиси боюнча ишканалар -2,5;
12) жарнама курулмалары -50;
13) телекоммуникациялар үчүн антенналарды жана жабдыктарды орнотуу -45;
14) эс алуу жана сайрандоо чөйрөсүндөгү ишканалар, спорт –ден соолукту чыңдоочу тейлөөлөр, жеке тейлөөлөрдү көрсөтүү,  эгерде ушул беренеде башкалары көрсөтүлбөсө -1,5;
15) унаа ишканаларынын административдик имараттары, аэробекеттер, унаа бекеттери, темир жол бекеттери -0,9;
16) өнөр жай, унаа, курулуш, байланыш жана энергетика  ишканалары,эркин экономикалык зона  аймактары, эгерде ушул  беренеде көрсөтүлбөсө -0,5;
17) тоо кендерин казып чыгаруучу ишканалардын имараттары, ошондой эле  темир жол унаасынын жүк ташуучу бекеттери, санитардык корголгон аймактар, темир жол жана аба унаалар ишканалары — 1,0;
18) кен чыккан, карьерлерди, шахталарды, кесилген жерлерди, күл таштоочу жерлерди иштетүү 0,5;
19) геологиялык чалгындоо, иликтөөчү-долбоорлор, чалгындоочу жана изилдөөчү иштер- 0,005;
20) аба жолдору боюнча байланыш жана электр берүү -0,01;
21) илимий, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, балдардын- өспүрүмдөрдүн дене тарбия-спорттук мекемелери -0,3;
22) айыл чарбалык өндүрүштүк имараттар (гараждар,оңдоо устаканалары,дан тазарткычтарга, дан тазарткыч комплекстери, жашылча картошка сактоочу жайлар, курулуш жана чарба короолору жана башка айыл чарбага дайындалган объектер)калктуу конуштар  пунктарынын чегинде жайгашкан — 0,2;
23) коргонуу-спорттук-техникалык уюмдар -0,01;
24) колдонуучу аянтына жараша  коммерциялык жана коммерцияга дайындалбаганобъектер үчүн кире беришин жасоого:
10 чарчы м. чейин – 12;
10дон 15 чарчы м. чейин – 9;
15тен 20 чарчы м. чейин – 7;
20дан ашык – 6;
25)  ушул  беренеде каралбаган  жана башка ишмердүүлүктүн түрлөрү -1,0;
26) ыңгайлаштыруу — ижарачыдан муниципалитет алуучу социалдык таасирдүүлүгүнө жараша өз жоопкерчилиги боюнча калибрдөөкоэффициенти 0,3төн  5ке чейин колдонулат.
27) таяныч пунктарын, күзөт объектилерин орнотуу –20;
28) “Булак” базарынын  аймагына  жакын жайгашкан соода  объектерин орнотуу (борбордук кире бериш жерине) -20;
29) көп жылдык көчоттордү отургузуу:
-0,5га чейин -0,5
0,5гадан жогору -0,3;
30) унааларды токтотуучу парковкалар -4;
31) таштандыларды кайра иштетип чыгуу ишканалары -1,6;
32) май куюуучу бекеттердин маалыматтык такталарына жана башка элементтерине   -150;
33) муниципалдык менчик объектилеринин аймагына уюлдук антенналарды, мачталарды орнотуу – 44;
34)турмуш-тиричиликтерди жургузуу жана муктаждыктар үчүн (курулуш материалдарды, курулуш калдыктарды, тиричилик калдыктарды) -15;
35) көп кабатту турак үйлөрдү жана илимий, билим  беруу мекемелерди куруу үчүн:
-коммерциялык багытта -25
-коммерциялык эмес багытта -0,03;
36) Мезгили менен колдонууга берилүүчү айыл чарба, короо жай участоктору үчүн ижара суммасы төмөнкү көлөмдө аныкталат. Ижара келишими үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 31-октябрына чейинки мезгилге чейин түзүлөт,короо жай участокторуна каалаган күн барактык айга, бирок эки айдан ашык эмес:
0,5 га аянтына чейин – 1,
0,5 га аянтынан ашык – 0,7,
кайрак жерлер – 0,2.

Токмок шаардык кеңешинин
жооптуу катчысы                                                  С.А.Кабаева